Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 28 Май 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Суббота, 28 Май 2022
Бүгүн, 28-майда Ош шаарында дзюдо боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын Кубогу башталды. Мелдештин ачылышына КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Кольбаев, вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Ысмаилов, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар катышты.
Турнирге республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 150гө жакын спортчулар катышууда. Мелдештер 28-29-майда 14 салмак категориясы боюнча өтөт. Ош шаарынан эл аралык категориядагы судья Таалайбек Сатиевдин айтымында, бул чеберлер турнири болуп, жыйынтыгында биринчи жана экинчи орунду ээлеген спортчулар спорт чебери наамын алышат.
“Ош шаарында дзюдо боюнча чеберлер турнирин өткөрүү идеясын Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев колдошту. Бул турнир жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарага айланып, Ош шаарында өткөрүүнү салтка айлантууга терең ишеничимди билдирем. Акыркы 30 жылдан бери бул республикада өткөн дзюдо боюнча мастерлердин биринчи турнири экенин белгилеп кетким келет”, - деп баса билдирди Т.Сатиев.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 28-майда Ош шаарында жазгы жеңил атлетика боюнча жарыш болуп өттү. Анын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, активдүү жаштар, спортчулар, ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Жарыш бардык каалоочулар арасында 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта өткөрүлдү. Жарыштын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, тиешелүү даражадагы медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышты.
Жарыштын максаты– чуркоолорду кеңири жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана жарандарды спортко тартуу.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 28-майда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Бактыбек Алайчиев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Токтосун Сабыров, Ош гарнизонунун башчысы, генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.
Иш-чаранын алкагында курал-жарактардын көргөзмөсү уюштурулуп, куралдуу күчтөрдүн формасынын жана атайын техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ага улай күжүрмөн кызматы менен айырмаланган аскер кызматкерлерин салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, кеңири концерттик программа тартууланды.
М.Исаев жалпы аскер кызматкерлерин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан куттуктап, мамлекеттеги стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоо үчүн аскердик кызмат өтөө маанилүү экенин баса белгиледи.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });