Версия для печати
Вторник, 31 Август 2021 11:39

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү гала-концерт менен жыйынтыкталды

31-август Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара гала концерт менен жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов кыргызстандыктарды куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу негизги милдет экендигин кошумчалады.
Майрамдык концерт белгилүү ырчылардын, эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт менен уланып, фейрверк менен жыйынтыкталды. 
Окулду 1976 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо