Версия для печати
Четверг, 22 Апрель 2021 18:51

Ош шаарында алгачкы ирет “Ордо” улуттук оюуну боюнча мелдеш өтүп жатат

Бүгүн, 22-апрель күнү улуттук оюн ордо боюнча республикалык мелдештин расмий ачылышы болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жана ордо боюнча башкы машыктыруучу Жаныбек Айталиев катышты. Мелдешке Кыргызстандын жети облусунан, ошондой эле, Ош жана Бишкек шаарларынан командалар келип катышып жатат. Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин баалуу белектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ордо федерациясынын дипломдору менен сыйланышат. Турнирде өзгөчөлөнгөн оюнчуларга ордо боюнча спорт чебери жана талапкерлери наамы берилет. Эң негизги байге жеңген команда Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жолдомо алат. Белгилей кетсек, быйыл ордо оюну Ош шаарында өткөн үчүнчү республикалык чемпионат. Ага чейин Ош шаарында самбо жана бокс боюнча республикалык мелдеш өткөн.
Окулду 2089 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо