Ош шаарында жарандардын коопсуздугу үчүн жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды
Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен тазалыкты, тартипти, коопсуздукту жана шаардын имиджин сактоо максатында ишкерлер тарабынан жүк ташуучу унаалар үчүн тиешелүү талаптарга жооп берген акысыз токтотуучу жай уюштурулду. Бул жай Мамыров көчөсүндөгү (болжол: Кирпичный кичи району) эски унаа базарында ачылды. Унаа токтотуучу жайда жүк ташуучу унааларды койгонго керектүү шарттар түзүлүп, тосмо, видеокөзөмөлдөр орнотулду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы тарабынан жол коопсуздугунун нормаларын жана экологияны сактоо максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун шаардыктар менен болгон жолугушууларында калаанын ар кайсы кичи райондорунда жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унаалар боюнча нааразычылыктар айтылган.
Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына бул унаа токтотуучу жайдын кызматынан пайдаланууну жана жүк ташуучу унааларды жол четтерине токтотпоону сунуштайбыз.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26