Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 16 Февраль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Среда, 16 Февраль 2022

Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу бүгүн мэр Алмаз Мамбетов “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын презентациясында билдирди.

Бул иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы, жергиликтүү эл өкүлдөрү, экологдор, ЖОЖдордун тиешелүү факультеттеринин окутуучулары жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да катышты.

Талкуунун жүрүшүндө шаардын ландшафтын жакшыртуу, жашыл аймактарды сугаруу, шаар аймагын, парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү, бул багыттагы адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болуп, сунуштар айтылды.

“Ош шаары баарына – шаар тургундарына жана туристтерге ыңгайлуу болушу керек. Бул үчүн шаардын көчөлөрүн, сейил бактарын, скверлерин, эс алуу жайларын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу артыкчылыктуу багытка ээ болушу шарт. Калаабыздын көркү болгон Сулайман-Тоону көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселеси өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө түшкөн сунуштар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилет”, - деп белгиледи мэр.

Мындан сырткары мэр быйылкы жылы климаттык шарттарга туруктуулукту жогорулатуу максатында шаардын көчөлөрүнө ар түрдүү көчөттөр отургузула турганын кошумчалады.

“Бак-дарактардын ар түрдүүлүгүнө да өзгөчө маани берилет. Ар бир көчөгө бир түрдөгү бак-дарактарды отургузуу маселеси каралат. Биздин климатка ылайыктуу көчөттөрдүн гибриддик сортторун иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейм. Ирригациялык системаны реконструкциялоо маселеси өзүнчө көңүл бурууга арзыйт. Ош шаарынын брендин өнүктүрүүгө жана жайылтууга да олуттуу мамиле жасоо зарыл. Калаанын брендин жигердүү жайылтып, бул багытта биргеликте иш алып баруу керек. Ландшафттык долбоорлор да бул маселени камтышы абзел. Бүгүнкү талкуу шаардагы фонтандардын иштөөсүнө нааразычылыктар бар экенин ачыктады. Эмне үчун фонтандар жакшы иштебейт? Фонтандар шаардыктарды бир сезон гана кубанта турган гүл эмес да. Фонтандар бардык жерде иштеши керек” – деди Алмаз Мамбетов.

Иш-чаранын алкагында ишкананын жетекчиси Жалил Осмонов мекеменин өткөн жылдагы аткарган иштери жана 2022-жылга карата пландары боюнча да маалымат берди.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 16-февралда Ош шаарында калааны жашылдандыруу максатында Бекмамат Осмонов көчөсүнө 95 түп ийне жалбырактуу колоновидная туя көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузууга мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, тиешелүү коммуналдык тармактардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

2022-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 бадал көчөтүн отургузуу пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, быйылкы жылы шаарды жашылдандырууга жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Жаз мезгилинде Ош шаарына 1,5 млнго жакын гүл көчөтү, анын ичинде 6 миң жоогазын гүлү отургузулат. Мындан сырткары калаанын муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан 15 000ге жакын дарактардын көчөттөрү да тигилет. Ага кошумча 10 000 түп павловния отургузуу пландалууда”, - деди мэр Алмаз Мамбетов.

Ошондой эле калаа башчы быйыл шаардын көчөлөрүнө ар түрдүү көчөттөрдү отургузууга басым жасала турганын билдирди.
“Быйыл шаарды ландшафттык дизайн, жашылдандыруу жана жасалгалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир көчөгө ар кандай сорттогу бак-дарактар отургузулат. Анын ичинде жай мезгилинде кычкылтектин пайда болушуна жана көлөкөнүн сакталышына өбөлгө түзгөн жазы жалбырактуу дарактарга басым жасайбыз”, - деп белгиледи мэр.

Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });