Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 15 Февраль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 15 Февраль 2022

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы филиалына барды. Анын алкагында мэр калкка кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүү, ошондой эле көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл бурду.

Калаа башчы архитектура башкармалыгынын шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жаңы долбоорлору менен таанышып, анда өзүнүн бир катар демилге, сунуштарын айтты.
Мэр калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, тийиштүү документтерди жана керектүү маалыматтарды алууда жарандар үчүн жеңилдик жаратууга көңүл бурууну тапшырды.
Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 2008-жылдан бери "Бирдиктүү терезе" принциби менен иштей баштаган. Күн сайын 100дөн ашык жаранга маалыматтык-консультациялык кызматтар көрсөтүлөт. Учурда башкармалык тарабынан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында "Бирдиктүү терезе" кызматын күчөтүү, башкарууну модернизациялоо жана санариптештирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жарандар документтерди иштеп чыгууда арыз ээсине берилүүчү QR-коддор аркылуу “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө берилген арыздардын (документтердин) жыйынтыктары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ал эми "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы 2002-жылдан бери "Бирдиктүү терезе" принцибинде иштеп келет. Анын алкагында жарандарды 9 терезе тейлеп, кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасы жолго коюлган. Бул жайга күнүнө 300-350 кайрылуу келип түшүүдө.
Эки мекемеде тең архивдик материалдарды санарипке өткөрүү, калкка кызмат көрсөтүү боюнча иш кагаздарын жүргүзүү иштери 100%га аткарылган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алды.

Жолугушууда шаар тургундары чечилбей келаткан көйгөйлөрүн айтып мэрге кайрылышты.
Калаа башчы ар бир маселеге байланыштуу тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарында интернационалист-жоокерлерге арналган мемориалдык комплексте Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага вице-мэр Венера Рыскулова, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин депутаты Мэлис Джусупов, Россиянын Оштогу башкы консулу Андрей Бибишев, Ош гарнизонунун башчысы Руслан Муканбетов, КРнын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери, интернационалисттер, ардагерлер жана курман болгондордун жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюлуп, асманга ок атылды. Ошондой эле курман болгон интернационалист-жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.
Вице-мэр Рыскулова бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, катаал жылдарда аскер кызматкерлеринин тынчтык үчүн, келечек муундардын бактысы үчүн жасаган эрдиктерин эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи.
Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 33 жыл болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 363 интернационалист-жоокер жашайт. 
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });