Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 01 Февраль 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Вторник, 01 Февраль 2022

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарынын мэри билим берүү кызматкерлеринин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышты. Иш-чарада Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова өткөн жылы аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары, быйылкы жылдын пландары боюнча маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу, билим берүү мекемелериндеги тамак-аштын сапаты, мектептер менен бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды. Алмаз Мамбетов мектептердеги билим берүүнүн сапатына, мектеп жана бала бакчалардагы балдардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
"Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерине тиешелүү деңгээлде көңүл бурулушу керек. 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча ар бир мектеп 2ден кем эмес "Алтын тамга" аттестатынын ээлерин, гимназия мектептеринен 4 бүтүрүүчүнү даярдоо керек. Ал эми акыркы 5 жылда көрсөткүчтөрү төмөн болгон мектеп директорлору ээлеген кызматына ылайыктуубу же ылайыктуу эмеспи карап чыгуу керек", - деди А.Мамбетов.
Ага улай мэр мектептердин педагогикалык курамынын квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.
"Новосибирск жана Санкт-Петербург өңдүү шаарлардагы университеттер менен мугалимдерибиздин билим деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу максатында сүйлөшүүгө даярбыз. Мындан сырткары мектеп окуучуларынын тамак-ашынын сапатын катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Эгерде тендердин жеңүүчүлөрү сапатсыз продукция берсе, аларды “кара тизмеге” кошуу шарт. Балдардын тамактануусуна кайдыгер болбош керек", - деди мэр.
Учурда Ош шаарында 84 мектеп болсо, анын 55и мамлекеттик, 30у жеке менчик. Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде 3329 мугалим эмгектенсе, анын 2989у аялдар, 340ы эркек мугалимдер. Мугалимдердин квалификациясын пландуу жогорулатуу максатында, кайрылуулардын негизинде мугалимдер 72 сааттык квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберилди. 2020-2021-окуу жылына 91 мектеп бүтүрүүчүсү "Алтын тамга" сынагына катышууга арыз берип, анын ичинен 35и "Алтын тамга" аттестатына ээ болгон. 2021-2022-окуу жылында республикалык олимпиаданын 1-баскычына 1719 окуучу катышып, анын ичинен 2-баскычка 409, 3-этапка 170, 4-баскычка 38 окуучу өткөн.
Ошондой эле Ош шаарында 46 мамлекеттик бала бакча катталып, аларда 13 миңге жакын бала тарбияланууда. 2021-жылдын аягына карата калаада 13 316 бала электрондук кезекке онлайн режиминде жазылган.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Ош шаарында бүгүнтөн тарта бала бакчалардын ишине көзөмөл жүргүзүү башталды. Бүгүн, 1-февралда вице-мэр Венера Рыскулова баштаган тиешелүү тармактар биргеликте Жапалак айыл аймагындагы "Актан" бала бакчасына барды. Эми аталган бала бакчага мониторинг жүргүзүлөт.
Анын алкагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана талаптар, мекеменин балдарга берген тамак-ашы, азык-түлүктүн сапаты, ашкана персоналынын талаптарга ылайык иштегени текшерилүүдө. Текшерүүнүн жүрүшүндө санэпид адистери тарабынан бала бакчанын ашканасынын кызматкерлери тарабынан тамак-аштын сапаты жана санитардык-гигиеналык эрежелер боюнча бир катар бузуулар аныкталды. Ошондой эле аталган бала бакчанын ишмердүүлүгүнө жана балдарды кабыл алуусуна талдоо жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, шаардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жыл сайын бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп келет. Буга тамак-аштын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына нааразы болгон ата-энелердин көптөгөн кайрылуулары себеп.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Февраль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28            
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });