Бүгүн, 2-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында жарандар орун алган көйгөйлөр боюнча өздөрүнүн суроо-талаптарын айтышты. Алсак, борбордук поликлиниканын жанындагы тротуарды оңдоо, аймакка жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк орнотуу, тез жардам кызматынын иши жакшыртуу маселери менен кайрылышты.
Ошондой эле трансформаторлорду алмаштыруу, электр мамыларын орнотуу, мектептерге балдар аянтчаларын куруу, квартал ичиндеги жолдордун кесилишине светофорлорду коюу, маршруттук кичи автобус линияларын жакшыртуу, аялдамаларды куруу маселелерин көтөрүштү.
Маанилүү маселелердин бири катары жолдорду оңдоп-түзөө зарылдыгы айтылды. Жарандардын кайрылуулары боюнча жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмалар берилди. Айтылган маселелерди чечүү Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Ош шаардык жолдор башкармалыгынын быйылкы жылдагы бюджетинин долбооруна киргизүү пландалууда.
“Биздин негизги милдет – ар бир кичи райондун элинин көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, өз убагында чечүү. Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жеринде тапшырмалар берилип, аткарылышы жылдын жыйынтыгы менен текшерилет”, - деп баса белгиледи Б.Жетигенов.