Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 19 Май 2022
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Материалы отфильтрованы по дате: Четверг, 19 Май 2022
Ош шаарынын Юго-Восток кичи районундагы Абакир уулу Төрөбек көчөсүн бойлой убактылуу жана мыйзамсыз орнотулган соода жайларын бузуу иштери кызуу жүрүп жатат. Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы буга чейин 12ден ашык соода объектилерин бузду. Жалпысынан 25ке жакын убактылуу жана уруксаты жок объекттер алынууга тийиш.
Бул көчөнүн узундугу 1 чакырымга жакын. Алдыда аянтка тротуар куруу жана жашыл аймактарды калыбына келтирүү пландалууда.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

Ош шаарындагы Бакыт үйүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүн мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде вице-мэр Жасур Азимов жетектеген жумушчу комиссия иштин жүрүшү менен таанышты.

План боюнча, капиталдык ремонт быйыл аяктайт. Ага шаар казынасынан акча бөлүнгөн.
Жарыяланган категория Жаңылыктар
Бүгүн, 19-майда Ош шаарында “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өтүүдө. КР Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында өтүп жаткан “Куттуу эл” биринчи улуттук форумуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин нарк-насилин кийинки муунга жеткирүү, жаштарды патриоттуулукка чакыруу, өнүккөн заманга улуттук баалуулуктарды, салт-санааны сактоо менен кадам таштоо. Бүгүнкү иш-чарада дал ушул темалардын айланасында сөз болуп, аны менен катар мамлекеттик тил, ысырапкорчулук, улуттук адептүүлүк, этностор аралык ынтымак маселелерине да токтолду.
“Куттуу эл” биринчи улуттук форумун Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ачып, ар бир жаранды өз оюн ортого салып, бөлүшүп, келечекке чыйыр салууга үндөдү.
“Келечекке карай өнүгүүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап демократиялык багыттарды тандап, күчтүү экономикалык саясатты карманып, улуттук баалуулуктарга таянган жана аны негиз туткан салттуу руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык нормалардан алыстабай коомубузду өнүктүрүүбүз бүгүнкү күндүн күн тартибиндеги эң актуалдуу маселе. Келиңиздер, бирдиктүү, ынтымактуу болууга бүт күч аракетибизди жумшап, сүйүктүү мамлекетибизди дүйнө эли суктанган, экономикасы гүлдөп өнүккөн өлкө болуусуна ар бирибиз өз салымыбызды кошолу”, - деп белгиледи Алмаз Мамбетов.
Иш-чаранын соңунда “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун “Ош резолюциясы” кабыл алынды.
Форум эки күнгө созулат. Эртең, 20-май күнү Алымбек-Датка этнографиялык комлексинде бир катар көргөзмө-жарманкелер уюштурулуп, улуттук баалуулуктар даңазаланат.
Жарыяланган категория Жаңылыктар

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });