Видеорепортаждар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Видеорепортаждар

Видеорепортаждар (44)

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар болуп өттү. Алгач “Кыргызстан” театрында концерттик программа уюштурулуп, анда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн аскерлери сынактарга катышты.

Ошондой эле, шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан патриоттук ырлар жаңырды. Концерттик программанын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов Ак калпак күнү менен куттуктап сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1000ге жакын шаар жаштары патриоттуулукка чакырып, жөө жүрүш менен Сулайман-Тоого чыгышты.

Анда жаштар тазалык акциясына катышып, Сулайман-Тоонун айланасын тазалашты. Ага улай “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде Ак калпакчандардын флешмобу уюштурулуп, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Айта кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган.

Демилге эл тарабынан колдоого алынып, Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келет.

Ош шаарында 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чарага калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов катышты. Алгач аскердик куралдардын көргөзмөсү өтүп, маалыматтар берилди. Ош улуттук драм театрына чогулган жоокерлерди калаа башчысы куттуктап, өлкөнүн тынчтыгы үчүн аскер кызматкерлери тынымсыз кызмат кылып жатканын баса белгиледи.

“Армиябыздын абалы мурдагыдан бир топко жакшырды. Аскер кызматкерлерибиз, чек арачыларыбыз күнү-түнү мекенибиздин стабилдүүлүгү үчүн кызмат кылып жатасыздар. Сиздер бар үчүн элибиз тынч уктап, тынч жашоо кечирүүдө. Анткени мекенчил аскерлер бар экенин билет. Сиздердин кызматыңыздар ак”,-деди мэр.

Шаар башчысы аскер кызматкерлери спортко өзгөчө кызыгаарын эске салып, спорттук мелдештерди өткөрүүгө 100 миң сом бөлүп берээрин убадалады. Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мэриянын ардак грамотасын тапшырды.

Аскер кызматкерлерин шаардык кеңештин төрагасы Ж. Орномов, Ош облустук өкүлчүлүк, УКМК, милициянын жетекчилиги да куттуктап, сыйлыктарын тапшырышты.

 

Сүрөттөр:

https://drive.google.com/open?id=1nlsABnZwQ6MgAsiIycsrku8aaAZHqUhu

Ош шаарынын Т. Кулатов кичи районунун Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы (чыгыш тарабы) курулуштарды да алып салуу иштери жүрүүдө. Жүрүп жаткан иштер менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кабар алып, көп кабаттуу үйлөрдүн асты башаламан соода жайга айланбай, көрктөндүрүлөөрүн билдирди.

Буга чейин аллея курулуучу жайдагы курулуштар алынып салынган. Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп, жарыктандырылат. Атайын адамдар басуучу жолдор курулмакчы.

“Ошэлектро” ААКнын, электр тармактар ишканасынын жана архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кайрылууларында Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабы жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүнүн астында болуп, курулуштарды алып салуу боюнча айтылган.

Бүгүнкү күндө 31 даана контейнер алынып салынды. Ал жайда жалпы 82 даана ар түрдүү курулмалар, 650 метр тосмо, 3 автоунаа жуучу жай, бир банк алынып салынат.

Бүгүн, 20-февралда шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов КРнын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана “Алай” футболдук клубунун курамы менен жолугушту.

Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын футбол федерациясынын өкүлдөрү, “Алай” командасынын жетекчилери, машыктыруучулары жана оюнчулар катышты. Т.Сарыбашов «Алай» футбол клубунун оюнчулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап, татыктуу оюндарды көрсөтүп жаткандыгы өзгөчө сыймыктуу экендигин билдирди.

-“ Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракеттерин көрүп келе жатат. Алдыда сиздерди Азия конфедерациясынын кубогу үчүн Түркмөнстандын “Ахал” командасы менен болгон мелдеш күтүп жатат. Бул мелдеште “Алай” командасы өзүнүн жеңиши менен жалпы күйөрмандарын кубантат деп терең ишенүү менен ийгилик каалайм”,-деди шаар жетекчиси.

Жыйындын жүрүшүндө “Алай” командасы 2018-жылы өлкөнүн вице-чемпиондук наамына ээ болгондугу үчүн сыйлоо аземи болду. Анда КРФФнын президенти Канатбек Маматов кулубдун президенти катары Таалайбек Сарыбашовго жана команданын жалпы курамына вице-чемпиондук медалдарды жана 280 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Ал эми Ош шаарынын мэри “Алай” клубунун вице-президенти Сеитбек Аматовго, командага 100 миң сом акча каражатын тапшырды. Ошондой эле, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов “Алай” командасына Түркия мамлекетинин Анталия шаарына окуу-практикасына барып келүү үчүн жолдомо берди. Мындан сырткары,“Алайдын” чабуулчусу Жоел Кожого ТОП-Лигада 26 гол киргизгендиги үчүн “Мыкты бомбордир” наамы ыйгарылды.

Айта кетсек, “Алай” 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип, андан кийин 2015-2016-2017-жылдары катарынан Өлкөбүздүн чемпиону аталган.

Бүгүн, 19-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Сессиянын күн тартибине 8 маселе коюлуп, кеңири талкууланууда.

Алгач Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга божомолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселе каралды. Аталган маселе боюнча биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев маалымат берди.

-“2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 19,9 % га өсүп, же болбосо 187 448,0 көбөйүп, 1 127 634, 0 миң сомго аныкталды. анын ичинен:

 - салык кирешелери 982 091,0 миң сомду (87,1% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- салык эмес кирешелери 65 300,0 миң сом (5,8% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү; - бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 243,0 миң сом (7,1% жалпы бюджеттен) түздү.

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2019-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 127 634,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2018-жылга салыштырмалуу 187 448,0 миң сомго көп каралууда. 2019-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн - 41,6% социалдык тармак, - 32,8% турак жай жана коммуналдык чарба, - 9,3% экономикалык маселелер, - 15,6% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар, - 0,7% коргонуу тармагы түзүүдө”,-деди С.Турдуев. Бул маселе шаардык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, колдоого алынды.

Тактап айтканда, Ош шаарынын быйылкы бюджети 1 127 634, 0 миң сом болуп бекитилди.

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Мэр төрөт үйүндөгү энелерден кабар алып, пикир алышты. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова бир топ көйгөйлөр бар экенин айтып өттү. Калаа башчысы дарыгерлер менен жыйын куруп, мэрия мекеменин төрөт бөлүмүн оңдоодон өткөрөөрүн, дарыгерлердин билимин арттыруу жаатында чет өлкөгө тажрыйба алмаштырууга жиберүү боюнча сүйлөшүү жүргүзө турганын айтты. “Төрөт үйү ар бир адамдын бактылуу күндөрүн эске салат.

Ошондуктан төрөгөнү келген ар бир энеге жакшы мамиле кылгыла. Акча талап кылуу болбосун. Биз да силерге шарт түзүп берели. Төрөт бөлүмүн шаардык мэрия оңдоп берели. Дарыгерлерди тажрыйба алмаштырууга чет өлкөгө жиберели. Төрөт үйүнө биринчи кезекте шарт түзүшүбүз керек. Жетишпеген аппараттарды да алууга аракет кылабыз”,-деди шаар мэри.

Төрөт үйүнүн ичи бир катар оңдоодон өтүп, ашканасы жаңыланган. Бир канча аппараттар алынган.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жеринде күбөлүк берүү үчүн атайын бөлүм да ачылган.

Мэр төрөт үйүнөн тышкары С. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалынын ишмердүүлүгү менен да таанышып кайтты.

Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Туран, Курманжан-Датка-2 аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту.

Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач аймактык кеңештердин төрагалары аймакта жыл башынан бери аткарылган иштер жана аймактагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. 
Таалайбек Сарыбашов мындай жолугушуу көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзөөрүн билдирип, алдыга коюлган иш пландар менен ой бөлүштү. 
Жолугушуу суроо -жооп менен уланып, ар бир маселе боюнча шаар жетекчиси тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырмаларды берди. Тургундар шаар жетекчисине электр энергиясы, тазалык, ички жолдорду оңдоо, маршруттук каттамдарды жөнгө салуу, бала бакча, мектеп жана ооруканалардагы коррупцияны жоюу боюнча маселелерди айтып кайрылышты. Элдер тарабынан айтылган бардык сунуш-пикирлер, кайрылуулар протоколго катталды. 
Айта кетсек, шаар мэринин жолугушуулары шаардын башка аймактык кеңештеринде уланат.

 

Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь -Эл аралык студенттер күнүнө карата Ош шаарынын активдүү жаштары, студентер жана жаш ишкерлер менен жолукту. Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары катышты.

 Алгач катышуучуларга Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан аткарылган иштер жана пландар тууралуу кыскача видео тасма көрсөтүлдү.

Т. Сарыбашов жаштардын азыркы учурда мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салымдары эбегейсиз экендигин белгиледи. “Мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү жаштардын билимине, маданиятына, коомдогу ордуна көз каранды. Билим алып, көп тил билип, замандын агымы менен, заманбап технологияларды үйрөнүп, алган билимди мамлекет, эл үчүн жумшасак ошондо өнүгүү өсүү болот. Жаштарыбыз эл аралык дүйнөлүк спортго, илимий, маданий конкурстарга активдүү катышып, акыл таймаштарда Кыргызстандын желегин чет мамлекеттерде желбиретип жаткандыгы бизди кубандырат. Ошондуктан ар бириңиздерди ар тараптуу өнүгүп, көп тил билип, мыкты билим алууга, мамлекет жана эл үчүн талыкбай ак ниет менен эмгек кылууга чакырам. Жаштарды сөз менен эмес, иш жүзүндө колдойбуз”,-деди калаа башчысы.

Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, жаш активисттер, аймактык кеңештердин жаштар иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү, жаш ишкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Ага улай шаар мэри Жаштар Парламенти III долбоорунун жаш депутаттарына төш белгилерди тапшырды.

Ошондой эле, Ж.Ормонов бир катар жаштарды шаардык кеңештин Ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйлады.

Иш-чаранын негизинде, мамлекеттин өнүктүрүүдөгү жаштардын орду, жаштардын сунуш пикирлери, демилгелери талкууланып, концерттик программа менен уланды.

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июнь 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });