
Видеорепортаждар (44)
Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине «Мекеним» улуттук кыймылынын атынан 100 комплект көп жолу колдонулуучу коргоочу кийимдер жана 10 миң даана көп жолу колдонулуучу сапаттуу бет каптар тапшырылды.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган кыймылдын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, коронавирус менен күрөшүүдө шаардагы активдүү жаштар, жеке ишкерлер, компаниялар, кайрымдуулук фонддору жакындан көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.
Мэр медицина кызматкерлерине ар тараптан колдоо болоорун баса белгиледи.
Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда
Автор Пресс служба мэрии города ОшБүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда.
Мэриянын атайын эсебине «Каганат Инвест» компаниясы тарабынан которулган каражатка 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк алынып, аз камсыз болгон жана азыркы кырдаалда муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылууда.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы каттоосу жок муктаж үй-бүлөлөргө да жардам берүү тапшырмасын берген.
"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү
Автор Пресс служба мэрии города Ош"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү
#Үйдө_Болуңуз#Будьте_Дома
Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ
Автор Пресс служба мэрии города ОшОшто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды
Автор Пресс служба мэрии города ОшОшто эл аралык жаштар форуму болуп өттү
Автор Пресс служба мэрии города ОшБүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чейин» аталышындагы эл аралык жаштар форуму старт алды.
Форумга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жаштары, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубатов, эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жолмес, Ош шаардык кеңешинин жана облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Иззат Берхмаматовдун айтымында, форумда жаштар тарабынан айтылган сунуштар боюнча резолюция кабыл алынып, тиешелүү бийлик бутактарына жеткирилет.
«Форумдун максаты — жаштар арасындагы достукту бекемдеп, жаштардын саясаттагы ордун өнүктүрүү болуп саналат», - деди И.Берхмаматов.
Иш-чаранын башында Ош шаары жана анын учурдагы орду тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле жаштар арасында өткөрүлгөн интеллектуалдык мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды.
Форумда билим берүү, туризм, жаштар саясаты, ишкерлик боюнча маселелер талкууланат.
Аталган иш-чара «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» программасынын алкагында уюштурулган. Форумга 5 өлкөнүн 200дөй жаштары катышууда.
Иш-чара эртең, 31-июль күнү жыйынтыкталат.
Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык менчик башкармалыктын жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты
Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты
Автор Пресс служба мэрии города ОшОш шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт курулууда. Бүгүн, 1-апрелде ФАПтын курулушу менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. ФАП май айында пайдаланууга берилет.
ФАПтын айланасыда тосулуп, адамдар басуучу жолдору да оңдолууда.
“Шаарга караган айылдарда мектеп, бала бакча, ФАП сөзсүз түрдө болуш керек. ФАПтын курулуш сапатына өзгөчө көңүл бургула. Анткени эл пайдаланат. Шаарда курулган кандай гана курулуш болбосун адамдар көп жыл пайдаланыш керек”,-деди мэр Т. Сарыбашов.
ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолдун (тротуар) курулушу 20-апрелге чейин аяктайт. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери менен таанышып, жөө адамдар үчүн жолдорду куруу иштери уланаарын билдирди.
Аталган көчөдө буга чейин тротуар жок болуп, куруу иштери башталган. Жолдун кеңдиги 3 метрди түзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар да курулган.
Мындан тышкары тротуардын эки четине тосмолор орнотулду.
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26