Жаңылыктар
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Жаңылыктар

Жаңылыктар (1697)

Бүгүн, 27-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов менен Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Россия Федерациясынын атынан Ош шаарында заманбап мектеп куруу боюнча пландалган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Мэр бул окуу комплекси шаардагы заманбап билим берүү стандарттары боюнча окуучуларды даярдоочу алдыңкы жайга айланаарын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бардык зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.

"Бул 1224 орундуу заманбап билим берүү комплексинде бассейндер, стадиондор, спорт аянтчалары бар болот. Бул объект орус-кыргыз достугунун символу болуп калат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз. Жалпысынан республика боюнча ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 9 комплекс курулат. Пландалгандай, бул окуу комплексине жергиликтүү орус тили мугалимдери да, Россиянын тиешелүү педагогикалык жогорку окуу жайларында керектүү окуудан өткөн мугалимдер да тартылат. Ал заманбап инновациялык, санариптик билим берүү технологияларына ылайык окууларды өткөрө турган биргелешкен квалификациялуу команда болот”, - деди А.Рыбаков.

Делегация объектинин курулушу үчүн сунушталган участоктор менен жеринде таанышып, акыркы чечим инфраструктуралык жана шаар куруу аспектилерин координациялоо боюнча зарыл процедуралардан кийин кабыл алынаары маалым болду.

Ошондой эле инфраструктуралык жана шаар куруу маселелерин чечүү, чечимдерди тез арада кабыл алууга көмөктөшүү, изилдөө иштери талкууланды.

Жолугушууга КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков катышты. Алар 29-мартта билим берүү комплекстеринин курулушу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу пландалып жатканын билдиришип, ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин баса белгилешти.

Ош шаарыны мэриясынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 105-б “Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүнүн

ТИЗМЕСИ

 

Аталышы

Талапнаама ташталган

датасы

Жыйынтыктоочу балл

  1. 1.        Турмуштук оор кырдаалдагы улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү

200 000 (эки жүз миң)

1.1

 В.К.Надыршаев жеке ишкер,                    «Абшыр-Ата» мончосу,

“Социалдык талондор аркылуу мончо жана чачтарачтардын кызматтарын көрсөтүү” долбоору

 

28.02.2023.

1032

  1. 2.        Ош шарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу муниципалдык мекеменин жоктугу

300 000 (үч жүз миң)

2.1

 «Мусаада» коомдук фонду, «Туруктуу жашаган жери жок, турмуштук оор кырдалга кабылган жарандарга жардам берүү» долбоору

 

19.01.2023.

877

  1. 3.        Турмуштук оор кырдалга кабылган аялдарды үй шартында иш менен камсыз кылуу

200 000 (эки жүз миң)

3.1

«Нурзаман» Коомдук бирикмеси,

«Бакыт эмгектен жаралат» долбоору

 

28.02.2023.

1188

  1. 4.        Жашы жете элек кыздарды эрте турмушка узатуунун алдын алуу

200000 (эки жүз миң)

4.1

«Youth of Osh» коомдук бирикмеси,

«Жаштар аң-сезимдүү нике үчүн» долбоору

 

28.01.2023.

971

5. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу

200 000 (эки жүз миң)

5.1

«Youth of Osh» коомдук бирикмеси,

«Менин коопсуз мектебим»  долбоору

 

28.01.2023.

874

 

 

Кулактандыруу
 
Ош шаарынын мэриясы төмөндөгү даректерде курулган Социалдык дүкөндөрдү иштетем деген ишкерлерди жеңилдетилген ижара (ижара акысы ар бир социалдык дүкөнгө айына 2700 сом) шартында иштетүүгө конкурска катышууга чакырат:
1. Р.Абдыкадыров 143;
2. Мамыров көчөсү (ориентир Фархад чайканасы);
3. Кулатов кичи району, Ак-Ниет сквери;
4. Төлөнөв көчөсү (ориентир Т.Сатылганов мектеби);
5. Манас-Ата кичи району (ориентир Манас Ата мечити);
6. Туран кичи району (Дача участогу);
7. Кеңеш айылы (Ош-Араван жолунун бою).
 
Социалдык дүкөндөрдө сатууга сунушталган социалдык маанидеги азык-түлүк товарлар:
1. Ун жана ун азыктары
2. Кум шекер
3. Эт жана эт азыктары
4. Сүт жана сүт азыктары
5. Өсүмдүк майы
6. Жумуртка
7. Жаңы тоңдурулган балык
8. Крупа.
 
Социалдык дүкөндөргө коюлган талаптар:
• Социалдык маанидеги товарларды статистикалык орто баалардан (5-10 пайызга чейин) төмөн баада Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат агенттигинин Ош шаардык бөлүмү менен макулдашуу менен сатуу;
• Сунушталган продукциянын ассортиментин үзгүлтүксүз камсыздоо;
• Тейлөө деңгээлин жогорулатуу жана сапаттуу продукция менен камсыздоо;
• Берилген имаратты максаттуу пайдалануу. Зарыл учурда ижарага берилген имаратты өз каражатынын эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү;
• Фасадды жасалгалоо, аталышын архитектуралык жана тил боюнча нормаларын сактоо. Аталышында “социалдык” деген сөз болушу зарыл;
• Продукциялардын баалары боюнча маалыматтык стенд орнотуу;
• Өзүнүн каражаттарынын эсебинен дүкөнгө тиешелүү жабдыктарды (муздаткыч, кондиционер, прилавкалар ж.б.) орнотуу;
• Тиешелүү салыктарды жана ижара акыны өз убагында төлөп туруу. Контролдук-кассалык аппараттарды колдонуп, бардык кардарларга чек чыгарып берүү;
• Ар бир продукциянын сапаттуулугунун сертификатын көрсөтүү;
• Социалдык дүкөндөрдөн таштандыларды чыгаруу жана айланасын таза кармоо;
 
Конкурска катышуучу ишкерлер төмөнкү иш кагаздарын:
• Паспортунун көчүрмөсү;
• Жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүнүн ишмердүүлүк түрү атайын эт өндүрүү багытында жана тамак-аш субпродуктылар боюнча болушу зарыл, патент (акыркы 6 ай аралыгында салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөндүгү боюнча маалымат) ж.б.;
• Жогоруда аталган иш кагаздарын даярдап, Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Умида Шамшиевага 2023-жылдын 4-апрелине чейин кайрылыңыздар.
Байланыш телефондору: 0774605905 (вотсап), 0559 605905

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Сиздерди катуу калдыктар үчүн полигон куруу долбоорунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча коомдук угууларга чакырабыз.

2023-жылдын 27-апрели, саат 11:00
№52 “Кыргыз-Түрк-Достугу” атындагы мектеп-лицейинин имаратында
Дареги: Ак-Тилек кичи району, Бекмамат Осмонов көчөсү 15а
Долбоордун демилгечиси: “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы (байланышуу үчүн: директордун орун басары Каимов Өмүрбек Каныбекович, телефон: +996554123451, e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. )

Ош шаарындагы иштеп жаткан калдыктар таштоочу жайда таштандылар көбөйүп баратат, ошондуктан жаңы заманбап калдыктарды көмүүчү жайларды куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Жаңы полигонду куруу үчүн азыркы полигондун түштүк чек арасына жакын жер тандалып алынган. Долбоордун иштөө мөөнөтү 20 жыл, 2024-жылдан 2044-жылга чейин.
Долбоор катуу калдыктарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатууга жана шаар менен муниципалитеттердин экологиялык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) жана ЕСтин Борбордук Азия үчүн инвестициялык программасы (IFCA) тарабынан каржыланат.

Коомдук угууларда ишке ашырылып жаткан Долбоор боюнча документтердин топтому көрсөтүлөт, атап айтканда:
• Техникалык эмес резюме
• Кызыктар тараптарды тартуу планы
• Чарба каражаттарын калыбына келтирүүнүн алкактык схемасы
Мындан тышкары, АЧТТБ отчетунун айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмү талкууланат.
Бул документтер менен Ош шаарынын мэриясынын сайтынан таанышса болот. Суроолорду жана сунуштарды электрондук почта же төмөндө көрсөтүлгөн телефондор аркылуу жөнөтсө болот:
МИ “Ош Тазалык”:
Телефону: +996554123451 
E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Жооптуу адам: Каимов Өмүрбек Каныбекович, “Ош-Тазалык” МИ директорунун орун басары
Ош шаарынын мэриясы:
Телефону: +996556558060
E-Mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. ; Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  
Жооптуу адам: Кармышаков Эшмамбет Талантбекович, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы

Ош шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 18-январында жарыяланган Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтына, социалдык баракчаларына жайгаштырылган жарыяга ылайык 205 талапкер конкурска катышуу тууралуу арыз менен кайрылган. “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык 201 талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн, тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кийинки этабына жолдомо алган 85 талапкерлер аңгемелешүү этабынан өткөрүлдү. Комиссиянын сунуштоосу боюнча 65 талапкер Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизилди.

2022-2023-жылдарында мэрия тарабынан кадрлар резервине конкурстук тандоо 4 жолу өткөрүлүп, жыйынтыгында 191, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде турган 13, жалпы 203 талапкер мэриянын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервине кабыл алынган. Бүгүнкү күндө кадрлар резервинин курамынан 43 талапкер бош ваканттык орундарга дайындалган.

Ош шаарынын мэриясынын административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторунун кадрлар резервинде турган талапкерлердин тизмеси тиркемеде

Бүгүн, 23-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Туран” МАБдагы “Эдельвейс” дачасынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн мэрге айтышты. Бакытбек Жетигенов жергиликтүү калктын маселелерин чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү жагдайларга басым жасалды:
- жарандардын буга чейинки кат түрүндөгү кайрылууларына ылайык жолдорду тегиздөө иштери аяктады;
- алдыда электр мамылары орнотулат;
- таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси боюнча тиешелүү комиссия түзүлөт.

Бүгүн, 22-мартта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынын делегациялары менен жолугушту.

Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов баштаган делегация менен жолугушууда ЖОЖдор аралык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, орус тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программалары, медициналык адистердин стажировкалары, маданият тармагындагы кызматташтык, өндүрүш тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Ош шаарынын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объектилеринин (Сулайман-Тоо) жана Ярославль шаарынын тарыхый борборлорунун айланасындагы аймактарды өнүктүрүү багытында тажрыйба алмашуу боюнча сөз жүрдү.

Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова баштаган делегация менен жолугушуунун алкагында эки тараптын профессордук-окутуучулук курамы биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүү, Ростов-на-Дону шаарынын транспорттук ишканаларында Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу, спорт тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, маданий өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Андан соң аталган делегациялар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбековдун жана шаардык кеңештин депутаттарынын, Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулунун, жогорку окуу жайлардын, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген курамдагы жыйын болуп өттү.

Анын алкагында Ош, Ростов-на-Дону шаарларынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кызматташуунун потенциалдуу багыттары боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Иш-чаралардын жыйынтыгында Ростов-на-Дону шаары менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият, туризм, спорт, жаштар саясаты, коомдук транспорт тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү жаатында кызматташтык программасына кол коюлду. Программага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова кол коюшту.

Ярославль шаары менен жергиликтүү өз алдынча башкарууда тажрыйба алмашуу, орто жана жогорку кесиптик билим берүү тармагында кызматташуу, улуттар аралык кызматташтык жаатында экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүү боюнча программага кол коюлду. Программага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов кол коюшту.

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата даярдалган иш-чаралардын алкагында Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде концерттик программа тартууланды.
Салтанат А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, боордош Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынан келген делегация өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты.
Концерттик программада чогулгандар белгилүү эстрада жылдыздарынын, чыгармачыл бий жана музыкалык топтордун өнөрлөрүнө күбө болушту.
Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамынын алкагында Төлөйкөн ипподромунда ат оюндары болуп өттү. Мелдешке Ош облусунун бардык райондорунан жана Ош шаарынан командалар катышты.
Мелдештин жыйынтыгында көк бөрү боюнча 1-орунду Кара-Кулжа районунун командасы, 2-орунду Кара-Суу районунун командасы жана 3-орунду Араван районунун командасы ээледи.
Сыйлык тапшыруу аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош облусунун Ат оюндары федерациясынын жетекчилиги, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Белгилей кетсек, мелдештердин байге фонду болжол менен 600 миң сомду түзүп, анын ичинен 150 миң сом көк бөрү боюнча 1-орунга ээ болгон командага ыйгарылды.
Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз - 2023” деп аталган салтанат тартууланды.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты.
Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.
Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.
Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.
Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.
Страница 1 из 122

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });