Бүгүн, 17-март күнү Ош шаарынын мэриясында Коммуналдык кызматкерлердин күнүнө карата сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, коммуналдык чарбанын жетекчилери жана кызматкерлери, профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Мэр учурда коммуналдык кызматкерлерге суроо-талап жогору экенин айтып, эң керектүү тармак экенине токтолду.
“Шаардын турмушунун көптөгөн тармактарынын өнүгүшү коммуналдык чарбв кызматкерлеринин ишинин натыйжасынан көз каранды. Коомдук транспортту өнүктүрүү, шаарды жашылдандыруу, тазалоо жана көрктөндүрүү, жылуулук менен камсыздоо системасын жакшыртуу сыяктуу көптөгөн иштер сиздердин эмгегиңиздер. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм”, - деди калаа башчы.
Мыкты кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Ошондой эле, коммуналдык кызматкерлер Ош шаардык кеңешинин, профсоюздардын өкүлдөрүнүн сыйлыктары менен сыйланышты. Мындан сырткары, шаардагы 7 муниципалдык ишкананын эмгек жамааттарына майрамга карата Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлыктары ыйгарылды. Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.