Ош шаарынын мэриясы менен Таллин (Эстония) шаарынын Электрондук башкаруу академиясы муниципалдык кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүдө кызматташат
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 15 Март 2023 13:26

Ош шаарынын мэриясы менен Таллин (Эстония) шаарынын Электрондук башкаруу академиясы муниципалдык кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүдө кызматташат

Бүгүн, 15-мартта Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын өкүлдөрү Таллин шаарынын (Эстония) Электрондук башкаруу академиясынын эксперттери менен онлайн видеоконференция өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө башкармалыктын башчысы Мирлан Исраилов жана Электрондук башкаруу академиясынын директору Арво Отт муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат бөлүштү.

Тактап айтканда, М.Исраилов Ош шаарынын муниципалдык кызматтарын санариптештирүү системасын өнүктүрүү боюнча негизги иш-чараларга жана пландарга токтолуп, бул багытта эки тараптуу кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.

Эстониялык эксперттер калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө санариптик технологияларды киргизүү боюнча өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен тааныштырышты.

Ошондой эле бул жаатта эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоону күчөтүү, киберкоопсуздукту жакшыртуу боюнча консультативдик-эксперттик жардам көрсөтүү максатында Ош шаарына эстониялык адистердин келиши жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Окулду 308 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });