Ошто мамлекеттик кызматтарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү системасын өнүктүрүү маселеси талкууланды
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 10 Март 2023 13:28

Ошто мамлекеттик кызматтарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү системасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 10-мартта Ош шаарында мамлекеттик кызматтарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Н.Кадыров өз сөзүндө Ош шаарында мамлекеттик тилдин колдонулушу жогорку деңгээлде экенин белгилеп, ошону менен бирге анын туура жазылышына, айтылышына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле 2022-жылы иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан жарнама обьектилери боюнча 200дөн ашык эскертүүлөр берилип, 53 жарнама мамлекеттик тил мыйзамынын талабына ылайык өзгөртүлгөнүн билдирди.

“Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата бир айлык жарыяланып, анын алкагында тийиштүү иштер аткарылды. Ош шаарынын жашоочулары, коноктору, келечек муун үчүн калаадагы А. Масалиев, Курманжан Датка, Ленин, Р. Абдыкадыров жана И. Раззаков сыяктуу бир катар көчөлөрдөгү жарнама такталарга мамлекеттик тилди, улуттук дөөлөттөрдү даңктаган таалим-тарбия багытындагы белгилүү инсандардын ураан-чакырыктары жазылган он даана баннер илинди. Бул иш-чаранын максаты шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, улуттук нарк, адеп-ахлак, инсанды тарбиялоо сыяктуу жашоо образын чагылдыруу болуп саналат. Иш-чаралардын мазмунунда кыргыз тилин окутуунун жаңы талаптары, максаттары, жаратмандыктар, изилдөө иштерине арналган бир нече багыттар чагылдырылды. Маселен: Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктардын көргөзмөсү Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлүп, студенттер үчүн чоң кызыгууларды жаратты. Көргөзмөгө окуу жайлардын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана адистиги туура келген студенттер катышып өз ара тажрыйба алмашты.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тилин, рухий дөөлөттөрдү сактоо жана өнүктүрүү, даңазалоо максатында кароо-сынактар өткөрүлдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Кыргыз жараны” жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарынын аткарылышынын алкагында мамлекеттик тил саясатынын өнүгүшү тууралуу иштер жүргүзүлүүдө”, - деди Н.Кадыров.

Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэриясы “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата бир айлык иш-чараларга активдүү катышкандарды ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

Мамлекеттик кызматтардын бир катар кызматкерлери Улуттук комиссиянын төш белгилери жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Окулду 438 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });