Ош шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Нурбек Кадыров жетектеген мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын/балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык Координациялык кеңештин отуруму өттү
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын иштери боюнча кеңештин 8-отурумундагы протоколдун аткарылышы боюнча;
1.1 Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 133 “Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө” токтомунун жана № 2 протоколунун аткарылышы жана Координациялык кеңештин протоколдорунун аткарылышы жөнүндө.
2. Мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик инклюзивдик билим берүүнү алдыга жылдыруу жөнүндө.
3. Жеткиликтүү чөйрөнү жайылтуу.
Жыйындын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга/балдарга жеткиликтүү инфраструктураны түзүү, социалдык турак-жай менен камсыз кылуу, автотранспорт каражаттарын тоскоолдуксуз пайдалануу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:
- Менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Ош шаарындагы мекеме-ишканалар: Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын жана мыйзам алдындагы чечимдердин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иштери боюнча кеңештин талаптарынын аткарылышы камсыздалсын жана бардык юридикалык жактарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга түрдүү чөйрөдөгү инфратүзүмдүн объекттерине кирүүгө, транспорт коммуникацияларын, маалымат каражаттарын тоскоолдуксуз пайдаланууга шарттарды түзүү милдеттендирилсин.
- шаар куруу секторунда иш алып барган бардык мекемелер жана ведомстволор имараттарга пандус куруу, тактилдик плиткаларды орнотуу менен шарт түзүп берүүнү аткарууга алышсын.
- транспорт ишканалары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар/балдар үчүн автотранспорт каражаттарын тоскоолдуксуз пайдалануу боюнча инвентаризация жүргүзүш керек. Ага кошумча коомдук транспортторду (автобустарды, троллейбустарды) сатып алууда, тендердик документтерди даярдоодо тендердик комиссиянын жана жумушчу топтун курамына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнөн киргизилсин.
- жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн объекттердин талапка ылайыктуулугун, эски имараттарда пандустарды куруунун нормаларын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча иштер жүргүзүлсүн.
- шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерде жана бала бакчаларда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн түзүлгөн шарттардын (пандустар, кармагычтар, дааратканалар ж.б.) стандарттарга ылайык келишин көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда аларды жакшыртуу иштерин тиешелүү кызматтар менен биргеликте колго алсын.