Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 08 Март 2023 05:22

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Ардактуу апалар!

Урматтуу айымдар!
Кадырлуу эже-карындаштар!
Сиздерди жаз менен кошо кирип келген 8-март Эл аралык аялдар күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!
Жаратканыбыз аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган, сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен.
Анткени ак пейлиңиздер, энелик мээримиңиздер, ошондой эле жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук бүтүндөй камкордуктун жана боорукерликтин улуу күчүн өзүнө камтып, келечекке ишеним арттырат. Кандай гана коом болбосун аялзаты элибиздин улуу көчүн, урпагын улап, жашоонун маңызын арттырып келесиздер.
Кылым карыткан элибизде “бейиш эненин таманында”, “аял үйдүн куту”, “кыздын кырк чачы улуу” - деп таамай айтылган накыл сөздөрүбүз аркылуу асылзат айымдарыбыздын нарктуулугун, баалуулугун даңазалап келебиз.
 
Ал эми Ош шаарынын айымдары өндүрүштө, саламаттыкты сактоодо, билим берүүдө, искусство менен маданиятта, спорт жана бизнесте, айтор баардык тармакта бараандуу салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошууда өздөрүнүнүн жаратман эмгектери жана аракеттери менен мырзалардан ашса ашып, кем калбаган аязлатына дагы бир жолу таазим кылабыз!
Жашоо менен өмүрдүн, сулуулук менен аруулуктун, мээрим менен кайратмандыктын улантуучу күчү сиздерсиздер!
Ылайым ар бир үйдүн коломтосунан от өчпөсүн, асыл апаларыбыздын жүзүнөн жылмаюу кетпесин, жараткан сиздерди жамандыктан сактасын деп тилек кылам.
Сиздерге бакубат бейпил турмуш, бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайм! Ар бир күнүңүздөр бакытка, кубанычка бөлөнсүн!
Майрамыңыздар менен!
_________________________
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Окулду 399 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });