Бүгүн, 4-мартта Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Ага мекеме-уюмдардын, муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын эмгек жамааттары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын жана бала бакчалардын кызматкерлери, жашоочулар активдүү катышты. Ишембиликтин алкагында аймакты таштандылардан тазалоо, бак-дарактарды актап-сырдоо, мекеме-ишканалардын фасаддарын жуу жана сырдоо, тротуарларды, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында 2100 кубдан ашык таштанды чыгарылды.
Ошондой эле, билим берүү уюмдарында жалпы 1200 түп декоративдик жана мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.