Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жетекчилиги астында шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч айлыкты өткөрүү штабынын жыйыны болуп өттү.
Анда ушул жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки үч айлыктын иш планы белгиленди. Үч айлыктын алкагында калаа аймагын жашылдандырууга, турак жайлардын жана имараттардын фасаддарын сырдоого, арыктарды тазалоого, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоого басым жасалат.
“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Осмонов быйыл Ош шаарына 1,5 миллион түп гүл отургузуларын айтып, бардык мекеме-ишканаларды өз аймактарын жашылдандыруу иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырды.