Урматтуу мекен сакчылары!
Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!
Сиздерди Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күн муундардын өз ара үзүлбөс байланышын бекемдеп, Мекенге берилип кызмат кылууга жана патриоттуулукка чакыруу менен ар бир элим, жерим деген эр жигиттердин каармандыгынын чаңылдырган өзгөчө күн катары белгиленип келет.
23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү – биздин тарыхыбыздагы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү өзгөчө майрам. Бул күндү салттуу “мырзалардын майрамы” деп да атап келебиз. Анткени Ата Журтту, куттуу конушту коргоо – байыртадан ар бир эр жигиттин ыйык парзы болуп келген.
Ошол эле учурда аскер кызматындагы жалаӊ гана мырзаларды эле эмес, бул тармактагы эже-карындаштарыбызды да куттуктайбыз, анткени армиянын күжүрмөн мээнетин камсыздоодо алардын да салымы чоң.
Аскер кызматкерлерин – Мекен коргоочуларын кадырлоо ар бир эгемен мамлекеттин ыйык милдети деп билебиз. Жыл сайын, Мекенди коргоочулар күнүндө ар намыстуулуктун жана мекенчилдиктин үлгүсү катары ардагерлерибизди жана Мекен сакчылыгында тургандарды да урматтап сыйлап келебиз.
Бүгүнкү күн бир гана жоо бетинде турган жоокерлерибизге эмес, бул — биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуулга тиешелүү.
Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн Мекенибизде тынчтык болуп, мекен сакчылары бейпилдикте кызмат өтөөсүнө тилектештигимди билдирүү менен ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак жана бакубатчылык каалайм.
Ардагерлерибизге өрнөктүү өмүр, чың ден-соолук, узун өмүр тилейм. Ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибизге ийгиликтүү кызмат өтөп, Мекенди сүйүүнүн каарман үлгүсүн көрсөтүп, кайраттуу жана күчтүү аскер болуусун каалайм!
Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч тилеп кетем!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!