Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” МАБынын Авиагородок кичи районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.
Анын алкагында бул аймактагы №42 “Жоогазын” бала бакчасын оңдоо, кичи районду инфраструктуралык өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.
Калаа башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Аэропорт көчөсүндөгү №1 жана №2 үйлөрдүн ортосундагы балдар аянтчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана мындагы скверди иретке келтирүүнү пландоо тапшырмасын берди. Мындан сырткары, ички жолдорго щебень төгүү, көчөлөрдү жарыктандыруу жана таштандыларды тазалоо маселелери көтөрүлдү.
Бакытбек Жетигенов Аношина көчөсүнө да барып, тургундардын көйгөйлөрүн укту. Жергиликтүүлөрдүн канализация маселесин биргелешип каржылоо программасы аркылуу чечүү тапшырмасы коюлду.
Ошондой эле жарандар эскирген электр мамыларын алмаштыруу, таштанды ташуучу унаалардын ишин иретке келтирүү маселелерин билдиришти.
Калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Статистика боюнча бул көчөдө 500дөй үй-бүлө жашайт.