Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт отургузулат
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 21 Февраль 2023 08:05

Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт отургузулат

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын Ата-Түрк паркына шаарды жашылдандыруу максатында 40 түп ак кайың көчөттөрү отургузулду.

Көчөттөрдү отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин депутаты Максат Маматкулов, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, МАБ өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

2023-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде быйыл шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул жылы Ош шаарына 1,5 миллионго жакын гүл, анын ичинде 10 миң жоогазын көчөттөрү отургузулат”, - деди С.Жунусбаев.

Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 10 миң түптөн ашуун дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Окулду 710 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });