Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мыйзамсыз курулуштар боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жыйын өттү.
"Кечээ коомчулук Шакиров көчөсүндөгү мыйзамсыз объекттилердин курулушунун маселесин көтөрдү. Тез аранын ичинде бул объектти жана шаардагы бардык мыйзамсыз курулуштарды тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Биз мыйзамсыз аракеттерге каршы туруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек. Курулуш компаниялары эмне үчүн мынчалык өз билемдик менен мамиле жасашат?
Эч кимди калкалоо болбойт. Бүгүнтөн баштап мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин бардыгын тактагыла, жеке, муниципалдык, стандартка туура келеби же жокпу, муну ачык айтыш керек. Шаардагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууга убакыт келди”, - деди шаар мэри Бакытбек Жетигенов.
Ошондой эле калаанын бир катар жолдорунда башаламан унаа токтоочу жайларды пайда кылган шаарлар жана райондор аралык такси кызматтарынын ишин тартипке келтирүү талабы коюлду.
Жыйындын соңунда жетекчилерге тиешелүү тармактарда эрежелердин жана талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу тапшырмасы берилди.
Ошто мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жаткан жеке жана юридикалык жактардын тизмеси такталат
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов
Кайрылуулар
Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары
Муниципалдык кызматтардын базалык р…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...
Муниципалдык кызматтардын стандартт…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...
Фоторепортаждар
Видеорепортаждар
Сурамжылоо
Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?
Добуштардын саны:: 26