Ош шаарынын мэриясы Ага Хан өнүктүрүү уюму менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Понедельник, 20 Февраль 2023 14:10

Ош шаарынын мэриясы Ага Хан өнүктүрүү уюму менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал менен жолугушту Жолугушууда тараптар билим берүү жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жарандардын кызыкчылыгы үчүн байланыштарды кеңейтүү демилгелерин талкуулашты.
Өз сөзүндө мэр уюмдун ар кыл багыттарды өнүктүрүүгө кошкон салымы, өзгөчө жаш муундардын татыктуу келечеги үчүн билим берүү тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, Бакытбек Жетигенов Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн 2021-жылдан тартып иштеп баштаган “Акселейт Просперити” бизнес-акселаторунун салымына токтолуп, жеке билим берүү уюмдарынын дареметин күчөтүү багытында кызматташып келгенин белгиледи.
“Учурда Ош шаарынын калкы расмий статистика боюнча 334 миңден ашык адамды түзсө, ал эми ички миграциянын негизинде 600 миңден ашык адам жашайт. Жыл сайын калктын саны динамикалуу түрдө өсүүдө жана ошого жараша жаңы жумуш орундарды түзүү, коммуналдык-инфраструктуралык, транспорттук мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери жаралууда. Аныкталган көйгөйлүү маселелерди эске алуу менен, жакында биз шаардын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыктык жана азыркы учурда Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитүү алдында турат. Аталган программага ылайык санариптештирүү, инвестиция тартуу, билим берүү, саламаттык сактоо жана коммуналдык-чарба тармактарын жакшыртуу багыттарына өзгөчө басым жасаганга ниеттенип жатабыз. Ош шаарынын мэриясы тургундардын жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр”, - деп баса белгиледи мэр.
Доктор Баркат Фазал Ош шаарынын башталгыч билим берүү, ошондой эле туризм тармагында потенциалы бар экенин белгилеп, уюм бул багыттарды мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.

Окулду 700 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });