Ош шаарында синтетикалык баңги заттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Среда, 15 Февраль 2023 14:30

Ош шаарында синтетикалык баңги заттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарынын мэриясында жаштар арасында синтетикалык баңги заттардын жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү боюнча жыйын өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, тиешелүү мекеме-түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо органдарынын, саламаттыкты сактоо тармагынын, билим берүү тармагынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында укук коргоо органдарынын, Ош облустар аралык наркология жана психиатрия борборунун, ҮМБнын, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү бул жаатта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, сунуштарын айтышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында жыйында түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү кызматтарга төмөнкүдөй протоколдук тапшырмалар берилди:
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына калаадагы бардык жалпы билим берүү мекемеринде синтетикалык баңзи заттардын зыяндуулугу боюнча окуучулар арасында окутуулар уюштурулсун, ата-энелер чогулуштарында аталган тема боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Жогорку, орто жана атайын окуу жайлардын жетекчилерине синтетикалык баңги заттардын зыяндуулугу тууралуу студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруу тапшырылды.
- Ош шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу баңги заттарга каршы күрөшүү кызматына Ош шаарында синтетикалык баңги заттардын таралуусуна ыкчам чараларды көрүү менен бөгөт коюу, билим берүү мекемелериндеги окуу-тарбия иштерине маалыматтык колдоо көрсөтүү милдеттендирилди.
- Муниципалдык аймактык башкармалыктар жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан синтетикалык баңги заттарды таратуу боюнча жарнактарды убагында алып салуу аракеттери жүргүзүлсүн жана калкка, анын ичинде жаштарга зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Саламаттык сактоо мекемелери синтетикалык баңги заттарынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүнү күчөтүү менен бирге билим берүү мекемелеринде өтүүчү түшүндүрүү иштерине маалыматтык колдоо боюнча иш алып барсын.
Айрыкча бардык тиешелүү бөлүмдөр түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө укук коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, МАБ кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштөөсү зарыл экендиги белгиленди.
Окулду 714 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });