Ош шаарында “Ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого бир катар өзгөртүүлөр киргизилди
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 14 Февраль 2023 13:11

Ош шаарында “Ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” жобого бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги XVI сессиясында Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Эми ипотекалык турак жайды сатып алуучу Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары гана эмес, юридикалык жактар да боло алат.
Мындан тышкары:
- 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга) деп өзгөртүлдү. Буга чейин 65 жашка чейин деп белгиленген;
- акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкү (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай) жок болушу керек. Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;
- шаарда туруктуу жашоо жана тиешелүү каттоого туруу мөөнөтү 5 жылдан 3 жылга кыскартылды;
- үй-бүлөнүн бардык бойго жеткен мүчөлөрү үчүн муниципалдык ипотекалык программа боюнча турак жайды сатып алууга макулдук берүү зарылчылыгы алынып салынды;
- акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;
- катталган жарандардын арасында турак жайды бөлүштүрүү батирлерди чүчү кулак кармоонун негизинде жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет. Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет. Бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат.
Окулду 733 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });