Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети бекитилди
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 14 Февраль 2023 13:07

Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети бекитилди

Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы болуп өттү. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, жарандык сектордун, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинин алкагында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөр каралды. Бюджет маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна шаардын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык каржы башкармалыгынын өкүлдөрү жооп берип, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалымат беришти.
Жыйынтыгында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети бекитилип, 2 509 306,2 миң сомду түздү.
Маалым болгондой 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 % га өсүп, же болбосо 908 796,2 миң сомго көбөйүп, 2 509 306,2 миң сомду түзүүдө, анын ичинен:
- салык кирешелери 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 80,7%);
- салык эмес кирешелери 356 180,0 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 14,1%);
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 5,2%) түздү.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрү төмөнкүдөй ченемде белгиленген:
- киреше салыгы - 100%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;
- мүлк салыгы - 100 %;
- патенттин негизиндеги салык - 100%.
Ал эми жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү 2024-жылга 2 632 874,0 миң сомду, 2025-жылга 2 768 117,7 миң сомду түзүүдө.
Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2023-жылга атайын каражаттарды кошкондо 2 509 306,2 миң сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908 796,2 миң сомго көбөйгөн.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы калаа тургундарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана жолдорду оңдоо, шаардын борбордук жолдорунун кесилиштериндеги тыгындарды жоюу маселелерине, долбоорлорду биргелешип каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.
2023-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөндөгүдөй сунушталат:
- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар - 15,7 %;
- коргонуу - 0,3 %;
- экономикалык маселелер - 19,6 %;
- турак жай жана коммуналдык чарба - 36,2 %;
- маданият жана спорт - 6,7 %;
- билим берүү - 20,4 %;
- социалдык коргоо - 1,1 %.
Окулду 828 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });