Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы өтүп жатат. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, жарандык сектордун, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
Күн тартибинде 7 маселе бар:
- Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27- декабрындагы “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги унаа каражатын сатуу тартиби жөнүндө” жана “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жоболорду бекитүү жөнүндө” №104 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
- Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27- декабрындагы “Ынтымак жамаатынын Жобосун бекитүү жөнүндө” №105 токтомуна өзгөртүү киргизүү;
- Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28- сентябрындагы №11 “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү ;
- Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25- декабрындагы №211 “Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
- “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25- декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү;
- Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө.