Ош шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштери күчөтүлөт
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Суббота, 11 Февраль 2023 10:05

Ош шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштери күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, балдарга ырайымсыз мамиле жасоонун, үй-бүлөлүк зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Вице-мэр Нурбек Кадыров баштаган иш-чарага бул жаатта иш алып барган тиешелүү орган жана түзүмдөрдүн жетекчилери, МАБдардын, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө;
- Ош шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын ички иштер органдары менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө;
- Ош шаарындагы кризистик борборлордун зордук-зомбулукка кабылган кыздар/аялдар менен жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө;
- балдарга ырайымсыз мамиленин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритми жөнүндө;
- Ош шаарынын мэриясынын алдында балдарга карата жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешти түзүү, иш планын талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу.
Маселелерди кароонун жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
- МАБдар менен биргеликте тийиштүү органдардын жана түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү күчөтүлсүн;
- МАБдар жана тийиштүү мекемелер тобокелдик тобундагы, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мигранттардын балдары ж.б.у.с. жөнүндө бирдиктүү маалымат базасын түзүү. Ошондой эле алгоритмдерге ылайык иштерди жүргүзүү;
- Укук коргоо органдары кризистик борборлор менен биргеликте бул маселе боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл.
Окулду 766 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Март 2023 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });