Бүгүн, 9-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Жапалак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту.
Иш-чаранын башында айыл аймак башчысы 2022-жылы аталган аймакта аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Андан соң тургундар суроолорун берип, орун алган көйгөйлөр боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышты.
Таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо жана асфальттоо, трансформаторлорду жана электр зымдарын шаардын электр менен камсыздоочу ишканаларынын балансына өткөрүү, тротуарларды, балдар жана спорт аянтчаларын, социалдык объектилерди, анын ичинде бала бакчаларын жана мектептерди куруу, жер участокторуна уруксат алуу өңдүү суроолор көтөрүлдү. Жарандардын бардык кайрылууларына жооптор берилди.
Ал эми бир катар маселелер боюнча Бакытбек Жетигенов жеринде абал менен таанышып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.