Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 85 “Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-декабрындагы № 605-б “Ош шаарынын мэриясыныны 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында Ош шаарындагы турмуштук оор кырдаалга кабылган улгайган жарандарга чачтарач жана мончо кызматтарын көрсөтүүчүлөрдү квалификациялык тандап алуу башталганын жарыялайт.
Тандоого катышуу үчүн Ош шаарынын аймагында чачтарач жана мончо кызматтарын көрсөтүү менен иштеген юридикалык жактар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар) жана жеке ишкерлер чакырылат.
Социалдык кызмат көрсөтүүнүн номиналдык наркы 1 социалдык талон менен мончо кызматын көрсөтүү - 200 сом;
Сатып алынуучу мончо кызматына төмөнкүдөй стандарттар же конкурстук талаптар белгиленет:
- мончолордун кызматтары атайын курулган жана жабдылган имараттардын коомдук же жеке колдонуучу буу бөлмөсүндө (парилка) же ысык жайларда суунун жана ысык абанын (буунун) таасири менен денени тазалоо жана калыбына келтирүү үчүн каралган кызматтарды камтыйт;
- курулуш же калкка түздөн-түз кызмат көрсөтүүчү жай (мончо, душ, жуунуу жана эс алуу комплекстери) мүмкүнчүлүгү чектелген жана керектөөчүлөрдүн башка аз мобилдүү топторундагы адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек;
- мончонун имараты суу түтүгү, саркынды суу каналы, жылытуу, желдетүү жана ысык суу менен камсыз болушу керек;
· мончо кызматтарын көрсөтүүдө тейлүүчү кызматкерлер коопсуздук талаптарын аткарууга, тейлөө эрежелерин, мончону эксплуатациялоо боюнча нормаларды сактоого тийиш;
· Ош шаарында башка филиалдары бар жактарга артыкчылык берилет.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар төмөнкүдөй:
1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;
2) Мамлекеттик салык кызматында жана Социалдык фонд башкармалыктарында юридикалык жак же жеке ишкер катары каттоонун болушу;
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү менен салыктар боюнча карыздын жоктугу;
4) банк эсебинин болушу;
Социалдык кызмат көрсөтүүнүн номиналдык наркы:
1. Аялдарга чач кырктыруу кызматы үчүн 1 социалдык талон - 250 сом;
2. Эркектерге чач кырктыруу кызматы үчүн 1 социалдык талон - 150 сом.
Сатып алынуучу чачтарач кызматына төмөнкүдөй стандарттар же конкурстук талаптар белгиленет:
- Чач тарачта кызмат алуучунун өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу, санитардык-гигиеналык жана технологиялык талаптар камсыздалышы керек.
- кызматкердин чебердик жана коопсуздук талаптарын, тейлөө эрежелерин жана санитардык нормаларды билишин, кесиптик деңгээлин тастыктаган документ;
- тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн технологиялык жабдуулардын, шаймандардын жана материалдардын болушу;
- кызмат көрсөтүү Ош шаарынын аймагында мекемеде (стационарда), же үйүндө уюштурулушу керек.
Тандоого катышуу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квалификациялык тандоого катышууга арыз тапшырышы керек (1-тиркеме).
Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин арыздары Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасы аркылуу, же Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүндө (114-кабинет) кабыл алынат.
Суроолор пайда болгон учурда 0 3222 5-50-66, 0558 939 033 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот.
Квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызды жана документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 2-март күнү, саат 17:00гө чейин.
Коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсуна катышууга коммерциялык эмес уюмдардын консорциумунун
АРЫЗЫ
Арыз берүүчү тууралуу маалымат |
||
Консорциумдун атынан иштөөгө ыйгарым укуктуу уюмдун аталышы жана анын жетекчиси |
|
|
Ыйгарым укуктуу уюмдун жайгашкан жери (почталык дареги) |
|
|
Ыйгарым укуктуу уюмдун телефон/факс номери/электрондук почтасынын дареги |
|
|
Ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери |
|
|
Консорциумдун калган мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почтанын дареги |
|
|
Сунушталуучу долбоор |
||
Конкурстун темасы |
|
|
Сунушталган долбоорлоо сунушунун темасынын аталышы |
|
Тиркеме:
1) ___________________________________________
2) ___________________________________________
3) ___________________________________________
Ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчиси |
______________________________ |
|
20__-ж. "__" ______________
арызга кол койгон күн
М.О.