Бүгүн, 9-февралда Ош шаарынын мэриясында 2023-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Бюджеттик кодекске ылайык, Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин демилгеси менен коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды кабыл алуу жана калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу максатында өткөрүлдү.
Коомдук бюджеттик угууга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Эсенбек Арзиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, катышты. бардык шаардык уюмдар, мекеме-ишканалар, МАБ башчылары, жарандык сектордун өкүлдөрү, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер жана тургундар катышты.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын 2023-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Эсенбек Арзиев баяндама жасап, бюджеттин долбоорунун артыкчылыктуу багыттары, анын негизги багыттары боюнча кеңири маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө жарандык сектордун өкүлдөрү сөз сүйлөп, шаардыктар өз сунуштарын айтышты. Калаанын алыскы кичи райондорунун инфраструктурасын өнүктүрүү, жолдорду, арык тармактарын, таза суу жана канализацияны реконструкциялоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тиешелүү шарттарды түзүү, ипотекалык турак-жай алуу, турак жайларды, тротуарларды куруу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков шаардыктардын бардык кайрылууларын эске алып, алардын сунуштарын шаардык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүүнү тапшырды.
Ошондой эле, 2022 жана 2023-жылдарга бюджеттин жарандык анализи боюнча “Интербилим” ААКнын Ош филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева баяндама жасады.
2023-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 %га өстү же 908 796,2 миң сомго көбөйүп, 2 509 306,2 миң сомду түздү.
Анын ичинен:
- салыктык кирешелер 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин 80,7%) түзөт;
- салыктык эмес кирешелер 356 180 000 сом (жалпы бюджеттин 14,1%);
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттин 5,2%) түзөт.
2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 2509306,2 миң 2 сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908796,2 миң сомго көбөйгөн. 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөнкүдөй сунушталат:
- жалпы багыттагы коммуналдык кызматтар - 15,7%;
- коргонуу - 0,3%;
- экономикалык маселелер - 19,6%;
- турак жай-коммуналдык чарба - 36,2%;
- маданият жана спорт - 6,7%;
- билим берүү - 20,4%;
- социалдык коргоо - 1,1%.