Бүгүн, 9-февралда Ош шаарынын мэриясында калаадагы бардык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жыйын өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаар куруу жана архитектура боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев шаардын деталдык планын бекитүү боюнча иштердин бүткөрүлүшүнө, ошондой эле Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу шаардын аймагында орун алган тектоникалык бузулууларга токтолду.
Бакытбек Жетигенов курулуш тармагы шаардын өнүгүүсүнүн локомотиви болуп саналаарын жана Ош шаарынын мэриясы курулуш компанияларына керектүү уруксаттарды берүүдө мыйзам чегинде көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. Быйыл курулуп жаткан жана пландаштырылган үйлөргө инженердик-техникалык коммуникацияларды куруу үчүн суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реконструкциялоо зарылдыгын кошумчалады.
Жолугушууда тараптар уруксат алуу маселелерин жана курулуш компаниялары объектилерди курууда туш болгон кыйынчылыктарды талкуулашты.
ЖИА тарабынан көйгөйлүү маселелер боюнча бир катар сунуштар киргизилди, анын ичинде инженердик-техникалык коммуникацияларга кошулуу үчүн зарыл шарттарды түзүү, керектүү уруксаттарды алуу мөөнөттөрүнө басым жасалды. Калаа башчы жергиликтүү бийлик бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшала турганын билдирди.
Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан бардык мекеме-уюмдар менен биргеликте иштөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети экендиги өзгөчө баса белгиленди. Бирок, компаниялар курулуш иштерин баштоодон алдын курулуп жаткан объектилердин мыйзамдуулугуна көңүл буруп, эрежелерди сакташы керектиги айтылды.