Кароо-сынактын шарттары:
- кароо-сынак эки багытта өтөт, ыр жана эссе жазуу аркылуу;
- кароо-сынактын катышуучуларынын жаш курагы чектелбейт;
- жөнөтүлгөн ыр же эссе мамлекеттик тилде болууга тийиш;
- ырды кабыл алуу 17-февралдан токтойт, ал эми жыйынтыгы 21-февралда чыгат;
- жөнөтүлгөн ырлар мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу шарт;
- эссе жазуу 17-февраль, саат 16:00дө Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында болот;
- жөнөтүлгөн ырлар мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу шарт;
Жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Эң мыкты жазылган эссе “Ош шамы” гезитине жарыяланат. Ал эми жазылган ырлар жылдын аягында атайын жыйнак болуп Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы тарабынан чыгарылат. Андан сырткары Ош шаарынын мэриясынын расмий баракчасына жарыяланат.
Ош шаарынын мэриясынын атынан жооптуулар:
- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясы;
Кароо-сынак боюнча суроолор болсо, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын катчысы, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Ч. Зулпукар уулуна (0556222335) байланыш номери аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Жазылган ыр төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.