Кечээ Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулованын катышуусунда Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жана төрөт үйүнүн, инфекциялык оорукананын жана шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулду.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагына төмөнкүлөр кирет: Ош шаардык клиникалык ооруканасы 936 орунга ылайыкташкан, төрөт үйү 185 койкага ылайыкташкан, көп функционалдуу жугуштуу оорулар бөлүмү 270 орундуу, Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун 11 филиалы, 9 ФАП, 1 медициналык пункт, 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 40 орундуу Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору, 70 орундуу Ош шаардык кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борбору, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана тез жардам станциясы, 2 стоматологиялык клиника, мамлекеттик профилактикалык дезинфекциялык станция болуп 22 мамлекеттик медициналык мекеме бар.
Медициналык мекемелерде жалпы 3212 медицина кызматкери эмгектенет, анын ичинен 799 дарыгер, анын 1505и орто, 484ү кенже медициналык кызматкерлер, 412си башка кызматкерлер.
2022-жылы Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборуна жана анын филиалдарына кайрылган жарандардын жалпы саны 669 миң 226 адамды түзгөн.
Өткөн жылы Ош шаарында 7924 бала төрөлгөн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 265 ымыркайга көп (2021-жылы 7659 бала).