Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп, анда Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору каралды.
Биринчи вице-мэр Марс Исаевдин айтымында, 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8%га өсүп, же болбосо 908 796,2 миң сомго көбөйүп, 2 509 306,2 миң сомду түзүүдө, анын ичинен:
- салык кирешелери 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 80,7%);
- салык эмес кирешелери 356 180,0 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 14,1%);
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 5,2%) түзөт. Жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү 2024-жылга 2 632 874,0 миң сомду, 2025-жылга 2 768 117,7 миң сомду түзүүдө.
Отурумдун алкагында бир катар маселелерди талкуулап, бюджеттин киреше бөлүгүн Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы жактырды.