Ош шаарында 90 үй-бүлө үйлүү болду
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 17 Июнь 2022 12:30

Ош шаарында 90 үй-бүлө үйлүү болду

Бүгүн, 17-июнда Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.
Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайларды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты.
Мэр өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар ипотекалык негизде турак жай алып жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүнкү күн тарыхта калат. Курулуштун мөөнөтү 18 ай болгонуна карабай, курулуш иштерин “Элит Строй Сити” ЖЧКсы 1 жылда бүткөрүп, бүгүн анын ээлери 9 кабаттуу 90 батирлүү үйгө көчүп киришет. Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган, газ плиталары, раковиналар, жуунучу бөлмөлөр менен камсыздалган”, - деп белгиледи мэр.
Ошондой эле, дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатканы, алар дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү жана Көкүмбий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйлөрдүн пайдаланууга берилээри айтылды.
“Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Үлүштүк курулуш” долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул программа шаардын бардык иштеп жаткан тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле шаарыбызда турак-жайга туруктуу бааны кармап турууга көмөктөшөт”, - деди А.Мамбетов.
Иш-чаранын алкагында ипотекалык турак-жай курулушунун долбоорлору менен таанышуу, ошондой эле биринчи ипотекалык үйдүн бактылуу ээлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырууга кошкон салымы үчүн курулуш компаниясынын жана муниципалдык ипотекалык компаниянын бир катар кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Андан ары үйдүн ички инфраструктурасы, батирлердин макети менен таанышуу болду.
Окулду 272 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });