Көңүл буруңуздар!!!
Ош шаарынын мэриясы билдирет:
Шаарда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кооптуу аймактарда ата-энелеринин көзөмөлүсүз сууга түшүүсүнө жол бербөө максатында профилактикалык иш-чаралар күчөтүлүүдө.
Аномалдуу ысык аба-ырайынан улам шаардын калкынын көбү каналдарга жана суу сактагычтардагы сууга түшүү үчүн барышат. Көп учурда бул кооптуу аймактарда жана чоң кишилердин көзөмөлү жок болот. Ош шаарынын мэриясы, Ош ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, МАБ жана социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү калк арасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө.
Ата-энелерден өтүнөбүз
- Балдарыңыз менен сууда сүзүү эрежелерин сактоо тууралуу баарлашыңыз.
- Балдардын коопсуздугу үчүн аларды сууга түшүүчү жайларда жана каналдардын жанында кароосуз калтырбаңыз.
- Балдар атайын белгиленбеген жерлерде сууга түшпөшү керек!
Жашы жете электердин коопсуздугун сактаңыз!