Ош шаарынын мэриясы Түркиянын боордош шаары Маниса менен кызматташууну өркүндөтөт
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Пятница, 10 Июнь 2022 21:34

Ош шаарынын мэриясы Түркиянын боордош шаары Маниса менен кызматташууну өркүндөтөт

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарынын делегациясынын Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Маниса шаарынын мэри Женгиз Эргүн менен жолугушту.

А.Мамбетов өз сөзүндө Ош шаарында Борбордук Азиядагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде туризмди, маданияттар аралык кызматташтыкты, эл аралык долбоорлорду жана программаларды өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ага улай мындан ары да көп кылымдык тарыхы, тили, дини, маданияты, өнүгүү максаттары бар бир тууган шаар эли менен мамилеси, кызматташуусу бекемделишине ишеним билдирди.
“Ош шаарынын мэриясы Маниса шаарынан келген инвесторлорду, ишкерлерди, бизнесмендерди колдоого жана шарттарды түзүүгө ар дайым даяр. Мен сиздердин шаардагы бизнес чөйрөлөрүн Ошко инвестиция салууга чакырам. Меймандос шаарыбыздын эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык. Сиздерди 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышып, биздин сыйлуу коногубуз болууга чакырам”, - деди А.Мамбетов.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-2025-жылдарга эки боордош шаар – Ош жана Маниса шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программанын протоколуна кол коюлду. Мындан тышкары мэр муниципалдык кызматтардын тажрыйба алмашуусу, эки шаардын тургундарынын ортосунда маданий кызматташтыкты жолго коюу, маданият жана спорт тармагында кызматташуу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө чакырды. Тактап айтканда, “Алай” футбол клубунун катышуусунда футбол боюнча жолдоштук турнирлерди уюштуруу сунушталды.
Өз кезегинде Женгиз Эргүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары Замир Толубаев, Эсен Арзиев, Ош ШИИБ башчысы Акылбек Мамасейитов, МАБ башчылары, шаардын муниципалдык коммуналдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Маниса шаарынын коммуналдык кызматтарынын, анын ичинде суу чарба, таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышуу жүрдү.
Окулду 379 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Июль 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });