“Биздин балдар - планетанын келечеги” аттуу иш-чара
1-июнь, саат 09:00дөн 14:00гө чейин Алымбек-Датка сейил багында балдарга концерттик программа, ыр-бийлер, жомоктордон көрүнүш тартууланат. Майрам спорттук мелдеш менен коштолот. “Элим барсыңбы?! - Ош” кайрымдуулук фонду тарабынан тамак-аш жарманкеси, бөбөктөргө балмуздак уюштурулат.
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин “Дельфин” бассейнинде Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган маданий, спорттук оюн-зоок иш-чарасы, концерттик программа, сууда сүзүү мелдеши болот. Ош шаардык спорт комитети жана демөөрчүлөр тарабынан жаш балдарга белектер, суусундуктар, шириндиктер берилет.
Саат 15:00дөн 17:00гө чейин Кыргызстан кинотеатрында Б. Калмаматов Академиялык гимназиясынын “Жемчужинка” бий группасынын 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата отчеттук концерттик программасы болот.
Саат 16:30дан 19:00гө чейин “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Илим жана Билим” экинчи каналы тарабынан уюштурулган “Бактылуу балалык” концерттик программасы тартууланат.