Бүгүн, 26-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары аяктады.
Машыгууда республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлдү; резервдик роталарды практикалык түзүү менен областта согуштук абалды киргизүүнүн контекстинде абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты; Ош, Ноокат шаарларынын, Ала-Бука районунун резервдик роталары тарабынан ок атылды.
Мындан сырткары машыгуунун сценарийи боюнча эпидемияга каршы 2-даражадагы аскердик талаа госпиталы жайгаштырылып, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, запастагы бөлүктөр тарабынан тосмолор коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүмдөрү тарабынан карапайым калкты эвакуациялоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Тагыраагы фильтрациялоо пункттарын жана качкындар үчүн убактылуу турак-жай уюштурулду.
Машыгуулар иш-чаранын жыйынтыгын чыгарып, эң активдүү катышуучуларды ведомстволук медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйлоо менен аяктады.
Запастагы бөлүктөрдүн өзгөчөлөнгөн командирлерине жана жоокерлерине наамдарды ыйгаруу боюнча өзүнчө иш-чара өткөрүлдү.
25-майдагы №36 буйругуна ылайык, Ош шаарынын мэриясынын резервдик мобилизациялык ротасынын командири, мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматовго кезектеги “Лейтенант” наамы ыйгарылды.