Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) Регионалдык экономикалык өнүктүрүү долбоорунун (ПРЭР) алкагында Мамлекеттик-жеке кызматташтык программасын (МЖК программасы) ишке ашырууда.
МЖК программасынын алкагында инвесторлорго керек болгон өндүрүш инфраструктурасын куруу жана реконструкциялоо иштери каржыланат. АРИС инвесторлордун ичүүчү суу менен камсыздоо, электр энергиясы, жылуулук менен камсыздоо, ошондой эле жол куруу, бизнес объектилеринин аймагын жакшыртуу боюнча демилгелерин колдойт. Ишкерлердин инвестициялык капиталынын, анын ичинде зайым каражаттарынын болушу Программага катышуунун милдеттүү шарты болуп эсептелет. АРИСтин каражаттары өнөр жай инфраструктурасынын объектилерин инвестициялык капиталдын 25%га чейинки өлчөмүн каржылайт.
МЖК программасына катышуу үчүн арыз берүүнү каалагандар АРИСтин расмий сайтында ppc.aris.kg шилтемеси аркылуу кайрыла алышат.
Кошумча маалыматты төмөнкү байланыштар аркылуу алса болот:
0772 16 22 11
ppc@@aris.kg