Ассалому алейкум урматтуу момун мусулмандар, жалпы мекендештер!
Ыйык Рамазан айында мусулманчылыктын 5 парзынын бирөөсү болгон 30 күндүк Орозону кармап, бүгүнкү Орозо айтты Ош шаарында мекендештер менен бирге окууга буюрган Жаратканга чексиз ыраазычылыктар жана шүгүрлөр болсун.
Рамазан айынын ыйыктыгы жана укмуш касиети Алла Таала пенделерине өз ырайымын жана кечиримдүүлүгүн, сабырдуулугун жана мээрбандыгын, айкөлдүгүн жана берешендигин тартуулагандыгы менен түшүндүрүлөт.
Орозо айында араздашкандар элдешип, оорулуулардан, жетим-жесирлерден жана момун мусулмандардан кабар алынып, битир-садакалар жана кайрымдуулук иштери уюштурулуп, ооз ачыруу аземдеринин алкагында бири-бирине жакшы каалоо-тилектер айтылды деген ишеничтемин.
Ушул улуу күндө ар бирибиз журтубуздун тынчтыгын, өлкөбүздүн өнүгүүсүн тилейли. Мекенибиз бөөдө кырсыктан, чыр-чатактан алыс болуп, элибизде биримдик түбөлүк орносун! Ош шаарыбыз да өсүп-өнүгүп, экинчи борбордун ар бир жашоочусу бактылуу жашасын!
Жүрөгүбүздөгү ыйманыбыз терең, дилибиздеги ишенимибиз бекем болуп, узак жылдар бою Орозо айт намазында жолукканга Жараткан насип этсин!
Орозо айтыңыздар маарек болсун!