Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарынын мэриясында эмгек ардагерлерин, тыл кызматкерлерин, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына эмгек сиңирген кызматкерлерди, маданият, искусство ишмерлерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан ыйык Орозо айт майрамына карата белектер менен сыйлоо аземи болуп өттү.
Жыйындын катышуучуларын Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан вице-мэр Венера Рыскулова куттуктап, ар бир адамдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Жалпысынан 100гө жакын эмгек сиңирген ишмерлер сыйланды.
Ошондой эле өлкө башчынын белектери Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына, “Боорукердик” жатак үйүнө тапшырылды.