Ошто суициддин алдын алуу боюнча жетишээрлик иш алып барбаганы үчүн бир катар жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылды
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Понедельник, 18 Апрель 2022 15:34

Ошто суициддин алдын алуу боюнча жетишээрлик иш алып барбаганы үчүн бир катар жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Кечээ күнү Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында балдар маселелери боюнча жыйын өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, билим берүү тармагынын жетекчилери, мектеп директорлору жана бала бакчалардын жетекчилери, мектептердеги ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселелери, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суицидге каршы күрөшүү жана алдын алуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын ишинин жыйынтыктары каралды.
Жыйындын алкагында суициддин алдын алуу боюнча жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктардын эки жетекчисине дисциплинардык жаза жарыяланганы маалым болду. Тагыраары “Курманжан-Датка” МАБынын башчысына эскертүү, “Манас-Ата” МАБынын жетекчисине сөгүш берилди. Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Карл Маркс мектебинин директоруна да сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле Ош шаарынын прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдарды коргоо боюнча тиешелүү органдар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлбөгөндүгүн, мыйзамдуулукту сактабай, кайдыгер карагандыгы үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын (Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бир катар тергөөчүлөрү, шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү) жоопкерчилигин кароону сунуштады.

 

Окулду 195 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });