Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясынын батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясы тарабынан Ош шаарынын, Достук кичи районунун, №83 көчөсүнүн 25-дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак үйүндөгү батирлерди бөлүштүрүү иштери аткарылууда. Бул боюнча ипотекалык комиссия тарабынан 2005-2015-жылдар арасында арыз берген жарандардын документтери каралып, тактоого жөнөтүлдү. Ошондуктан 2005-2015-жылдар арасында ипотекалык шартта үй алууга арыз берген КРнын жарандары тапшырган документтерин тактап, толуктоосу зарыл экендигин белгилейбиз. Эгерде жарандар белгиленген мөөнөткө чейин келип документтерин тактабаса, 2021-жылдын 28-сентябрындагы Ош шаардык Кеңешинин №11 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосунун 5.20 пунктунун негизинде арызы кароосуз калтырылат жана каттоодон чыгарылат.
Биздин дарек: Ош шаары, Ленин көчөсү 318, 306-кабинет.