Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов үч эм төрөгөн Жаңылай Маданбекованын үйүнө барды.
Анда калаа башчы үч эмдин апасын 8-март - Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, энеге жана балдарына чың ден соолук, бакубатчылык каалады. Ага улай үч эмдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү.