Мэр: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүдө элге үлгү болушу керек
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Вторник, 01 Март 2022 12:43

Мэр: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүдө элге үлгү болушу керек

Бүгүн, 1-мартта Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун "КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өттү. Ага шаар мэри Алмаз Мамбетов, калаа казысы Убайдулла Сарыбаев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, муниципиалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин башчылары, ар улуттун өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйында үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча өлкө башчынын Жарлыгын калк арасында жайылтуу жана аткарылышын көзөмөлдөө боюнча сөз жүрдү. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла Сарыбаев той-маараке, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ашыкча ысырапкорчулук, анын зыяны, шариятта белгиленген тартиптер туурасында айтты.
Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы каада-салт, үрп-адаттар жыл өткөн сайын көбөйгөнүн жана бул багытта атаандаштык, куру намыс күч алганын айтып, Жарлыкты жүзөгө ашырууда бирге аракет көрүү керектиги кошумчаланды.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул Жарлыкты иш жүзүндө аткарууну ар бир адам, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, дин өкүлдөрү өздөрүнөн башташы керектигин баса белгиледи.
"Өлүм айттырбай келет. Жакынын жоготуп аза күтүп отурган адамдар сойгонго мал издеп, элдин сөзүнөн улам куру намыска алдырбай турган болушу керек. Маркумду узатуу зыйнатына баргандар да канча мал союлду, кандай жилик берилди деп сөз кылуудан арыла турган учур келди. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер бул жаатта да өзүбүздөн баштайлы. Молдолор өлүм болгон жерде эт жегенди чогуу токтотолу. Баарыбыз биригип ысырапкорчулуктан арылууга аракет кылсак элге ошончо жеткиликтүү болот", - деди Алмаз Мамбетов.
Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, мэр тарабынан төмөнкүдөй протоколдук тапшырмалар берилди:
1. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу, бекитүү жана аткарууга алуу;
2. Муниципалдык аймактык башкармалыктар, аксакалдар, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү, шаардын казысы жана жаштар комитети биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3. Ош шаарынын казыяты аркылуу ар апта сайын жума намаздарда Президенттин Жарлыгын жайылтуу;
4. Укук коргоо органдары тарабынан Жарлыктын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, көзөмөлгө алуу;
5. Мэриянын бөлүм башчыларына, аппараттык кызматкерлерине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга бул багытта ысырапкорчулукка жол бербестен, жалпы жарандарга үлгү болуу сунушталды.
Окулду 276 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Май 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашо…

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштер менен таанышты

Ош шаарынын Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айыл...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });