Ош шаарынын коомдук бюджеттик угууларына катышууга чакырабыз
  1. Skip to Menu
  2. Skip to Content
  3. Skip to Footer
Facebook
Воскресенье, 30 Январь 2022 09:39

Ош шаарынын коомдук бюджеттик угууларына катышууга чакырабыз

Ош шаарынын жашоочуларын, коомдук уюмдарын, массалык маалымат каражаттарын өкүлдөрүн жана активисттерди Ош шаарынын коомдук бюджеттик угууларына катышууга чакырабыз! 

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдар болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстерине, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү»  мыйзамдарына ылайык, ошондой эле 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылыштарынын негизинде түзүлдү.

 

Бюджеттин киреше бөлүгү 

2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 117,9%га өсүп, же болбосо 242 810,0 миң сомго көбөйүп 1 600 510,0 миң сомго аныкталды, анын ичинен:

-                     салыктык кирешелер 1 365 610,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

-                     салыктык эмес кирешелер 154 900,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

-                     бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.

 

«Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:

- киреше салыгы - 100%;

- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;

- мүлк салыгы - 100%;

- жер салыктары - 100%;

- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык - 100%;

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык – 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.

Ал эми, «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2023-жылга Ош шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу 1 630 200,0 миң сом жана 2024-жылга 1 661 683,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

 

Бюджеттин чыгаша бөлүгү 

Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 600 510,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2021-жылга салыштырмалуу 242 810,0 миң сомго көп каралууда.

 2022-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн

- 17,5 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

- 0,4 % коргонуу тармагы

- 15,0 % экономикалык маселелер,

- 34,9 % турак жай жана коммуналдык чарба,

- 5,7 % маданият жана спорт тармагы,

- 25,2 % билим берүү тармагы,

- 1,3 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө.

    

Жалпы максаттагы мамлекеттик кызматтар тармагынакетүүчү чыгымдарга 2022-жылга 279 906,9 миң сом белгиленүүдө, анын ичинен;

- Ош шаардык Кенешин аппаратын каржылоого -  16 244,8  миң сом;

- Ош шаарынын мэриясын аппаратын каржылоого – 42 792,8  миң сом;

-Ош шаарынын мэриясынын автогаражын, муниципалдык менчик башкармалыгынын аппаратын, Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматын, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгын, муниципалдык аймактык башкармалыктарды, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгын каржылоого -  81 869,3  миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондуна 14 000,0 миң сом;

-  тышкы кредиттерди төлөөгө жана Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоцацияларга мүчө акы төлөөгө 125 000,0 миң сом акча каражаты каралууда.

 

Коргоо тармагына 2022-жылга 6 081,3  миң сом өлчөмүндө акча каражаты белгиленүүдө. Бул тармакта негизинен Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акылары, коммуналдык төлөмдөрү, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдары (призыв граждан) жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) акча каражаты каралууда.

           

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тармагына 558 987,9  миң сом акча каражаты белгиленди, анын ичинен:

- Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына – 122 450,7 миң сом;

- «Ошсвет» муниципалдык ишканасына шаардын көчөлөрүн жарык менен камсыз кылууга – 71 099,7 миң сом;

- Жарандарды тейлөө борборуна – 9 137,1 миң сом;

- Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына – 13 305,0  миң сом;

- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 92 995,4 миң сом;

- Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 250 000,0 миң сом сунушталууда.

 

Экономикалык маселелер тармагына 2022-жылга – 239 575,3 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө, анын ичинен:

- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына шаардагы жеңилдиктери бар жана бекер жүрүүчү категориядагы жүргүнчүлөрдүн муниципалдык коомдук транспорт менен ташууга компенсацияга (пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, окуучулар ж.б.) – 30 000,0 миң сом;

- «Ош Тазалык» муниципалдык ишканасына – 33 720,8 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын аппаратын каржылоого – 10 854,5 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасына 165 000,0 миң сом (жолдорду оңдоого жана курууга) каралууда.

 

Эс алуу, спорт жана маданият тармагын каржылоого 2022-жылга – 91 133,3 миң сом акча каражаты каралып, негизинен төмөнкү иш-чараларга сунушталууда:

- маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 31 142,8  миң сом;

- Ош шаардык китепканасын жана айылдык маданият үйүн каржылоого – 10 710,8 миң cом;

- маданият башкармалыгынын, дене-тарбия жана спорт, жаштар иштери боюнча комитеттеринин аппараттарын жана маданият башкармалыгынын борборлоштурулган бухгалтериясын каржылоого –13 238,0  миң сом;

- «Алай» футболдук клубуна жана шаардык стадионго, «Ош шамы» гезитине субсидияга – 27 500,0 миң сом;

- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна, фольклордук-эстрадалык тобуна – 8 541,7 миң сом каралууда.

 

Билим берүү тармагына2022-жылга 403 900,7 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралды.

Бул тармака төмөндөгү беренелерге акча каражаты каралууда:

- мектептердеги 1-4-класста окуган балдардын тамак-ашына – 53 941,8 миң сом (бир окучууга бир күнгө 10 сомдон);

- бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына кетүүчү чыгымдар –49 018,8 миң сом (норма боюнча кенже тайпаларга 13 сомдон, жогорку тайпаларга 18 сомдон);

- мектеп интернаттардын, Алтын Уя, Лотос балдар үйлөрүнүн тамак ашына – 11 411,0 миң сом;

- билим берүү мекемелерине эмгек акы төлөөгө жана социалдык фондко чегерүүгө – 2 851,4 миң сом;

- мугалимдердин жана бала бакчалардагы тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге акча каражаты – 14 810,4 миң сом (бир кызматкерге айына 300 сомдон);

- мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө жана көмүр сатып алууга (байланыш кызматы, суу, электроэнергия, жылуулук, газ, көмүр) –139 072,3  миң сом;

- билим берүү мекемелерине эмеректерди, парталарды, компьютелерди сатып алууга, ремонт иштерине жана башка чыгымдарына акча каражаты 56 039,0 миң сом каралууда.

 - билим берүү мекемелеринин атайын каражаттары 75 486,0 миң сомгобелгиленүүдө.

 

Социалдык коргоо тармагына 2022-жылга 20 924,6 миң сом  өлчөмүндө акча каражаты каралууда, анын ичинен:

- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларына – 7 064,0  миң сом;

- «Боорукердик» балдар жана карылар үй-интернатына – 10 471,1 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборуна 2 822,0 миң сом;

- Ардагерлер Кенешине – 567,5 миң сом сунушталууда.

 

 «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2023-жылга Ош шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолу 1 630 200,0 миң сом жана 2024-жылга 1 661 683,0 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

Окулду 368 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо

 

Кайрылуулар

Өнүгүүнүн стратегиялары жана программалары

Пред След

Муниципалдык кызматтардын базалык р…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-февралы...

Муниципалдык кызматтардын стандартт…

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 9-февралы...

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республик…

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясынын долбоору

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнү...

Өкмөттүн программасы "Жаңы доо…

Өкмөттүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

Өкмөтүнүн программасы "Жаңы доорго - кырк кадам"

« Август 2022 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
FB
ОК

Фоторепортаждар

Пред След

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодо…

Төрөт үйүндөгү төрөт бөлүмү оңдоодон өткөрүлөт

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаар...

Оштогу автоунаа базарындагы тамакта…

Оштогу автоунаа базарындагы тамактануучу жайлар иретке келтирилип, автоматтык тосмо орнотулат

Бүгүн, 13-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов муни...

Автотыгында азайтуу максатында “Бар…

Автотыгында азайтуу максатында “Барсбек каган” айланпасы эки тарабынан кеңейтилет

Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелиги орнотулган айланпа к...

Видеорепортаждар

Пред След

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

ОШ ШААРЫНЫН БРЕНДИНЕ ДОБУШ БЕРИНИЗ!

Учурда Ош шаарынын туристтик бренди туризм тармагындагы абро...

Оштогу ооруканаларга коргонуучу кар…

Оштогу ооруканаларга коргонуучу каражаттар берилди

Ош шаарынын мэриясында шаардагы ооруканалардын жетекчилерине...

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөг…

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 10 жарым миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк тара…

Ошто 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы муктаж болгон 1000 (миң) үй-...

"Ош-Тазалык"тын кызматкер…

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү

"Ош-Тазалык"тын кызматкерлеринин карантин учурундагы иш күнү...

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый горо…

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Сүйүктүү Ош шаарыбыз - Любимый город ОШ

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп …

Ошто эл аралык жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чей...

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан…

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Оштун мэри эл менен жолугуп, айткан көйгөйлөрүн чечмей болду

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм…

Мэр УМСтин жетекчилерине жана бөлүм башчыларына берилген тапшырмалар так аткарылбай жатканын айтты

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык муниципалдык ме...

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош: рейд, иш жана жыйынтык

Ош шаарынын Асранкулов көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолду...

Сурамжылоо

Сиз жашаган аймактан таштанды өз убагында алынабы?

Ооба - 53.8%
Жок - 23.1%
Ар кандай - 23.1%

Добуштардын саны:: 26
window.addEvent('domready', function() { $$('.hasTip').each(function(el) { var title = el.get('title'); if (title) { var parts = title.split('::', 2); el.store('tip:title', parts[0]); el.store('tip:text', parts[1]); } }); var JTooltips = new Tips($$('.hasTip'), { fixed: false}); });