Версия для печати
Вторник, 11 Январь 2022 19:54

Ош шаарынын мэри Ош-Бишкек жолуна түз өтүүчү (Т) жолдун долбоору менен таанышты

Бүгүн, 11-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Привокзальная көчөсүнөн Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымына чейинки (Т) жолдун долбоору менен жеринен таанышты.

Ош шаарынын Башкы планына ылайык бир катар долбоорлор каралып жатат. Анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу «Т» формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору да бар. Шаар башчы калаадагы автоунаалардын көбөйгөнүн эске алуу менен бул долбоордун айланасында активдүү иш алып барууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.
Долбоор экинчи борбордогу жол тыгынын жоюуга багытталып, Ош шаарын өнүктүрүүнүн алкагында Башкы планга ылайык иштелип чыгууда.
Окулду 323 жолу

Билдирүү кошуу


Сыр сөз
Жаңылоо